Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Чингиз Айдарбеков Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенттери менен жолугушту

02-02-2023
20:08

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Чингиз Айдарбеков Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институнун студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда Чингиз Айдарбеков студенттерге Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берип, парламенттин түзүмү жана алардын функциялары, комитеттер менен фракциялардын иши, ошондой эле мыйзам чыгаруу демилгелери тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде студенттер да кызыккан суроолорун узатышып, жоопторду алышты. Андан тышкары, Соода кодексин иштеп чыгуу маселесин көтөрүштү.

Чингиз Айдарбеков ишкерликти жөнгө салуу өзгөчө мамилени талап кыларын баса белгилеп, бул багытта кызматташууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык деңгээлдеги адистерди даярдоо маселелери да талкууланып, бул улуттук экономикаларга трансулуттук корпорациялардын таасиринин күчөшүнүн жана эмгек рыногунун глобалдашуу процесстеринин шартында өзгөчө маанилүү экени айтылды.

Жыйындын соңунда депутат Чингиз Айдарбеков студенттерди алдыга бийик максаттарды коюп, сапаттуу билим алууга чакырды. Муну менен катар ийгиликтерди каалады.  

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү