Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Чингиз Айдарбеков “Туруктуу өнүгүү максаттары жана Конституция: ШКУ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы” аталышындагы эл аралык конференцияга катышты

05-04-2023
14:17

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чингиз Айдарбеков онлайн форматта өткөн “Туруктуу өнүгүү максаттары жана Конституция: ШКУ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы” аталышындагы эл аралык конференцияга катышты.

Алгач иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирген Чингиз Айдарбеков 2021-жылы республикада жүргүзүлгөн конституциялык реформаларды эске салуу менен Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү Кыргызстандын парламентинин ролуна токтолду.

Тактап айтканда, Жогорку Кеңеш Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу жаатында тиешелүү мыйзамдарды кабыл алып, алардын аткарылышын жана өлкөнүн бюджетин көзөмөлдөө боюнча ырааттуу кадамдарды жасап жатканын белгиледи.

Ошондой эле депутат Чингиз Айдарбеков Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында парламентте түзүлгөн жумушчу топту жетектеп жатканын билдирди.

“Аталган топ түзүлгөндөн бери Туруктуу өнүгүү максаттарына мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча талдоолор жүргүзүлүп, андагы айрым маселелерди Жогорку Кеңештин жаңыдан иштелип жаткан Өнүгүү стратегиясына камтый кетүү демилгеленүүдө. Андан тышкары, инклюзивдик билим берүү боюнча нормаларды камтыган “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору да даярдалууда”, - деп кошумчалады депутат.

Муну менен катар Чингиз Айдарбеков Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорун Туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келтирүү жана адаптациялоо үчүн талдоо механизмин киргизүүнү пландаштырып жатканын маалымдап: “Мыйзамдарды, мамлекеттик программаларды, пландарды, макулдашууларды ишке ашыруунун натыйжалуулугу жөнүндө түшүнүк берүүчү өзгөчө маанилүү механизм болуп баалоо механизми эсептелет”, - деди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Жогорку Кеңеш мыйзамдарда каралган парламенттик көзөмөлдүн тиешелүү механизмдери аркылуу Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн мыйзамдардын аткарылышынын жана бюджеттик каражаттардын сарпталышынын натыйжалуулугун баалайт. Бул саясатты өз убагында тууралоого, тандалып алынган жолдун тууралыгын түшүнүүгө, мыйзамдардын сапатын жана мамлекеттик органдардын ишин жакшыртууга, ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдүн жарандык коомго ачык болушун камсыздоого өбөлгө түзөт.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү