Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Чингиз Айдарбеков Челябинск шаарында өткөн Эл аралык эмгек форумуна катышты

29-04-2023
16:14

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чингиз Айдарбеков Россия Федерациясынын Челябинск шаарында «Мекендештер» Кыргыз улуттук маданий автономиясынын Челябинск шаардык коомдук уюму тарабынан уюштурулган Эл аралык эмгек форумуна катышты.

Форумга Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Р.М. Бийбосунов, Челябинск облусунун Экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Д.С. Глухарев, Челябинск шаарынын Курчатов районунун башчысы С.В. Антипов, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси К.А. Акматбеков, "Мекендештер" Кыргыз улуттук-маданий автономиясы" Челябинск шаардык коомдук уюмунун жетекчиси З. А. Бакирова, ошондой эле Россиянын башка аймактарынан келген 30дан ашык кыргыз диаспоралык уюмдарынын жетекчилери катышты.

Өз сөзүндө депутат Ч.Айдарбеков Россиядагы кыргыз диаспорасы жүз миңдеген мекендештердин башын бириктирген маанилүү аянтча экенин белгилеп: «Сиздер эки өлкөнүн элдерин бириктирип, өз ара түшүнүшүүбүздү кеңейтип, кызматташтыктын илгерилешине салым кошуп жатасыздар. Бүгүнкү форум пикир алмашууга, көйгөйлөрдү талкуулоого, ошондой эле эмгекчилердин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган чечимдерди иштеп чыгууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берди. Биздин жалпы максаттарыбызга жетүү үчүн мамлекеттердин биргелешкен аракеттери жана кызматташтыгы өтө маанилүү», - деди Ч.Айдарбеков.

Муну менен катар сапардын алкагында депутат Чингиз Айдарбеков Челябинск облусунун губернаторунун орун басары Иван Куцевляк менен жолугушуп, анда соода-экономикалык, инвестициялык, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери талкууланды.

Ошол эле учурда депутат Чыңгыз Айдарбеков баштаган делегация Челябинск облусунун борборундагы Ч.Айтматов атындагы сейил бакка көчөттөрдү отургузушту. Экологиялык акция дүйнө жүзүнө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына, ошондой эле «Жашыл мурас» улуттук өнөктөштүгүнө арналган.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 31-майында Челябинск шаардык думасы Красный Урал көчөсү менен Комсомольский проспектисинин кесилишиндеги аянтка Ч.Айтматовдун ысымын ыйгаруу чечимин кабыл алган. Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусунун ысымы ыйгарылган аянт Челябинск шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан жана шаардыктардын сүйүктүү эс алуу жайы болуп саналат.

Эл аралык форумдун алкагында депутат Чингиз Айдарбеков Россиянын башка аймактарынан келген кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилери менен да баарлашты. Жолугушууда Кыргызстандын жарандарынын Россиядагы укуктук абалы талкууланып, диаспоралык уюмдарынын жетекчилери миграция чөйрөсүндөгү негизги көйгөйлөрдү, тактап айтканда, каттоо, милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өтүү, экстрадициялоо, РФ аймактарындагы КР мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин көтөрүштү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү