Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Чингиз Айдарбеков И.Арабаев атындагы университеттин студенттери жана А.Ракымов атындагы мектептин окуучулары менен жолугушту

18-05-2023
15:39

Бүгүн, 18-майда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чингиз Айдарбеков И.Арабаев атындагы КМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин студенттери, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу А.Ракымов атындагы жалпы орто мектебинин 7-8-9-11-класстарынын окуучулары менен жолугушту.

Жолугушууда Чингиз Айдарбеков окуучуларга жана студенттерге Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берип, парламенттин түзүмү жана алардын функциялары, комитеттер менен фракциялардын иши, мыйзам чыгаруу демилгелери тууралуу айтып берди. Ошондой эле дипломатиялык кызматтагы тажрыйбасы менен бөлүштү.

Баарлашуу маалында эл аралык мамилелер тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланып, мектеп окуучулары келечектеги кесипти тандоо маселелерин көтөрүштү.

Өз кезегинде студенттер да кызыккан суроолорун узатышып, жоопторду алышты.

Жыйындын соңунда депутат Чингиз Айдарбеков окуучуларды жана студенттерди алдыга бийик максаттарды коюп, сапаттуу билим алууга чакырды. Муну менен катар ийгиликтерди каалады.