Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

27 – июнь 2016-жыл, саат 10-00 1- кабат, Батыш зал.

23-06-2016
18:06

 

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

27 – июнь  2016-жыл,  саат 10-00                                         1- кабат, Батыш зал.

 

КҮН ТАРТИБИ

 

            1.”Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев тарабынан демилгеленип киргизилет.

            Баяндамачы:

            Бокоев Кенжебек Сатымкулович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

            2.”Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев тарабынан демилгеленип киргизилет.

            Баяндамачы:

            Бокоев Кенжебек Сатымкулович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

            3.“Жалал –Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара –Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды  компенсациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 –жылдын 27 –апрелиндеги  №218 токтому).  Экинчи окууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Кожошев Арзыбек Орозбекович – Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

 

            4.Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча экинчи программа -1-чакан программа” гранттык макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Кожошев Арзыбек Орозбекович – Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

 

            5.Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 –жылдын 20 –июнундагы  №341 токтому).

            Баяндамачы:

            Муратбеков Канатбек Камбарбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтшнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору.

 

                6. Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин 2015-жылдын 29 –июнундагы №5408-V токтому менен бекитилген 2015 -2017 –жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнунундагы №334 токтому)

            Баяндамачы:

            Кадыркулов Алмазбек Апандиевич -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы.

 

            7.“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 –беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасынын долбоору жөнүндө (Макулдашууга киргизилет).

            Баяндамачы:

            Марипов Улукбек Асамидинович Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы.

 

            8.Ар кандай маселелер.

 

            1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюжетинин 2016-жылдын беш айында аткарылышы жана  Жогорку  Кеңештин түзүмүн оптималдаштыруунун негизинде үнөмдөлгөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө.

            Баяндамачы:

            Кожомкулов Алмазбек Аттокурович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Иш башкармалыгынын башчысы.

 

            2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай –жарандык курулуш департаментине Ош шаарында, Ош жана Жалал –Абад облустарында талап тоноолордон жабыр тарткан 313 ишкерге мамлекеттик жардам көрсөтүү үчүн жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссуда берүү туралуу кайрылуусу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы  №262 –буйругу). Макулдашууга киргизилет.

 

            3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай –жарандык курулуш департаментине “Ата – Бейит” мемориалдык комплексинин аймагында “1916 –жылдагы кайгылуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун мемориалынын” курулушун аяктоого каражат бөлүп берүү туралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22- июнундагы  №286 –буйругу). Макулдашууга киргизилет.

 

            4) “Мамлекеттик лотереялык компания” мамлекеттик ишканасына ишин уюштуруу үчүн финансалык каражатты бөлүп берүү туралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын  17 –июнундагы  №339 –буйругу). Макулдашууга киргизилет.

 

 

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитеттин төрагасы                                                                А. Шадиев