Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 25-декабрындагы жыйналышынын күн тартиби Убактысы:                                      саат 14:00   Өткөрүлүүчү жери:                       1-кабат, Батыш зал

22-12-2023
09:48

Долбоор

 

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин 25-декабрындагы жыйналышынын күн тартиби

 

Убактысы:                                      саат 14:00  

Өткөрүлүүчү жери:                       1-кабат, Батыш зал

 

Маселелер

Демилгечи

Баяндамачы

1.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Малиев,
А.Маткеримов,
А.Түмөнбаев жана Э.Джамгырчиев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасы Жарандык кодексине, «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-18174/22, 16.09.2022-ж.)

 (үчүнчү окууга киргизилет).

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Малиев,
А.Маткеримов, А.Түмөнбаев жана Э.Джамгырчиев тарабынан демилгеленген

Баяндамачы: 

Малиев Арсланбек Касымакунович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты.

         Чакырылгандар:

 Усенбекова Айнура Доктурбаевна - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

         Сыдыков Орозбек Кадырбекович – Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;

         Пирназаров Марат Түгөлбаевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;

         Жакыпов Манас Жакыпович – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары;

         Ногаев Уланбек Мелисович - «РСК Банк» ААКнын башкармалыгынын төрагасы;

         Алимджанов Тилек Буромбаевич - «Айыл Банк» ААКнын башкармалыгынын төрагасы.

 

2.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
С.А. Айжигитов жана М.А. Маматалиев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Жер казынасы жөнүндө» жана «Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-13740/23 30.10.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
С.А. Айжигитов жана М.А. Маматалиев тарабынан демилгеленген

Баяндамачы: 

Айжигитов Султанбай Абдирашитович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

         Чакырылгандар: 

Амангельдиев Данияр Джолдошбекович - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

         Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

         Тургунбаев Мелис Жусупжанович - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;

         Боконтаев Кубанычбек Кенешович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасы;

Абдувапов Алтынбек Каныбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.

 

3.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген «2021-жылдын 9-июнунда Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданий борборлорду уюштуруу жана алардын иши жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (№6-15833/23, 13.12.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы:

Максутов Алтынбек Аскарович – Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.

Чакырылган:

Молдогазиев Айбек Бейшеевич – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары.

 

4.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген «2023-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү  ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Камбарата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Макулдашуу катты (Гранттык макулдашуу) (Камбарата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (№6-15789/23, 13.12.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы:

Ибраев Таалайбек Омукеевич – Кыргыз Республикасынын энергетика министри.

Чакырылган: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

 

 

5.

Ар кандай маселелер.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын
16-мартындагы № 1038-VII токтомунун аткарылышы тууралуу. (кѳзѳмѳлдѳн алуу жѳнүндѳ).

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                     Д. Толонов