Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 20-ноябрындагы жыйналышынын күн тартиби Убактысы:                                      саат 10:00   Өткөрүлүүчү жери:                       3-кабат, Жыйындар залы.

16-11-2023
12:24

Долбоор

 

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин 20-ноябрындагы жыйналышынын күн тартиби

 

Убактысы:                                      саат 10:00  

Өткөрүлүүчү жери:                       3-кабат, Жыйындар залы.

 

Маселелер

Демилгечи

Баяндамачы

1.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “2023-жылдын 18-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (№6-13632/23, 27.10.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Мамбетов Азамат Муратович – Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары.

Чакырылган: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

 

2.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “Туризм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-6895/23, 16.05.2023-ж.) (үчүнчү окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Шатманов Самат Бектурович - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары - Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору.

         Чакырылган: Шерниязов Абылкасым Эсентаевич - Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти.

3.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-11822/23 22.09.2023-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Малаев Назарбек Камалдинович – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

Чакырылгандар: Пирназаров Марат Түгөлбаевич – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;

Назаралиев Медетбек Тагайбекович – “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКнун президенти.

4

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
(кир. № 6-12689/23, 10.10.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Баатырова Гулнара Маришовна - Кыргыз Републикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри.

 

 

5.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “2023-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Глобалдык жашыл өсүш институтунун ортосундагы Глобалдык жашыл өсүш институтунун (GGGI) укуктук статусу, артыкчылыктары жана имунитеттери тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-13524/23 25.10.2023-ж) (биринчи окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

 

6.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-13616/23 26.10.2023-ж) (биринчи окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Календеров Улугбек Ибраимович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

 

7.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “2023-жылдын 31-июлунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана жоюу эрежелери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-13469/23 25.10.2023-ж) (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Алияскаров Майл Алияскарович – Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары.

 

 

8.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген  “2023-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы  Гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Секторду өнүктүрүү программасы: Мектептик билим берүүнү реформалоо), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (№6-13362/23, 23.10.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

Чакырылган: Рысбаева Аида Жолочуевна – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары.

 

9.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “2023-жылдын 8-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (№6-14097/23, 09.11.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Ибраев Таалайбек Омукеевич – Кыргыз Республикасынын энергетика министри.

Чакырылган: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

 

10.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “2023-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунуу ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (№6-13520/23, 25.10.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Абдрахманов Канатбек Жаныбекович – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

Чакырылган: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

 

11.

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү” долбоорун каржылоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору жана Кыргыз Республикасы менен Жашыл климаттык фонд тараптан аккредиттелген катары иш алып баруучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү” долбоорун Жашыл климаттык фонддун каржылоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору (макулдашууга).

 

 

Баяндамачы: Ибраев Таалайбек Омукеевич – Кыргыз Республикасынын энергетика министри.

Чакырылган: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

 

12.

Евразия өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы «Салык төлөөчүнүн рейтинги» салык төлөөчүлөрдү категорияларга бөлүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасын жана Кыргыз Республикасындагы салык төлөөчүнүн санариптик профилинин модулун иштеп чыгуу» долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору (макулдашууга).

 

 

Баяндамачы: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары.

Чакырылган: Абдувапов Алтынбек Каныбекович – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.

 

 

 

 

13.

Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартууну жана салык салуудан качууну алдын алуу жөнүндө макулдашуу (макулдашууга).

 

 

Баяндамачы: Абдрахманов Канатбек Жаныбекович – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

 

14.

“Бишкек шаарында 2021-жылдын 11-октябрында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү боюнча Меморандумуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Протоколдун долбоору (макулдашууга).

 

 

Баяндамачы: Абдрахманов Канатбек Жаныбекович – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

 

 

15.

Кыргыз Республикасы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору (макулдашууга).

 

 

Баяндамачы: Раимкулова Асель Кадыржановна Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары.

 

16.

Ар кандай маселелер.

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын
6-июлундагы №402-тескемеси (макулдашууга киргизилет);

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын
25-октябрындагы №650-тескемеси (макулдашууга киргизилет).

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын
2-ноябрындагы №670-тескемеси (макулдашууга киргизилет).

 

Баяндамачы: Дуйшеева Жибек КурманбековнаКыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                     Д. Толонов