Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

3-ноябрда «КРнын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө», «КРнын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө», «КРнын Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өтөт

31-10-2023
17:06

03-11-2023

10:00

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигине караштуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт.

Парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Өтүүчү орду жана убактысы: Жогорку Кеңештин жыйындар залы (3-кабат, саат 10:00).

Катышуучуларды каттоо 9:30да башталат.

Кошумча маалымат алуу жана катышуучуларды алдын ала каттоо үчүн төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылсаңар болот: 63-92-67, 63-89-10, 0770244722

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин бөлүмү