Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 25-сентябрындагы жыйналышынын күн тартиби Убактысы:                                      саат 14:00   Өткөрүлүүчү жери:                       1-кабат, Батыш зал

21-09-2023
11:28

                                                                                         Долбоор

 

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин 25-сентябрындагы жыйналышынын күн тартиби

 

Убактысы:                                      саат 14:00  

Өткөрүлүүчү жери:                       1-кабат, Батыш зал

 

Маселелер

Демилгечи

Баяндамачы

1.

         Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
тарабынан демилгеленген “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
(кир.№6-7142/23, 19.05.2023-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Букуев Кадырбек Джумабекович - Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору.

Чакырылды: Жакыпов Манас Жакыпович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары.  

 

2.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Самыйкожо, А.Кенжебаев жана М.Сарбагышев тарабынан демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”  мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-9848/23, 30.06.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Самыйкожо, А.Кенжебаев жана М.Сарбагышев тарабынан демилгелеген

Баяндамачы: Самыйкожо Мирлан - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

       

         Чакырылгандар:

Дуйшеева Жибек Курманбековна - Кыргыз  Республикасынын финансы министринин орун басары. 

Базарбаев Нурдоолот Сатыбекович - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары.

 

3.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын граждандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-10435/23, 20.07.2023-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

Баяндамачы: Татиков Руслан Сатылганович Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

Чакырылган:

Ногаев Уланбек Мелисович - «РСК Банк» ААКнын башкармалыгынын төрагасы.

 

4.

2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбоору.

 

 

Баяндамачы: Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

Чакырылган: Исабеков Самат Сатарович – Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы.

5.

Инвестициялык конкурстук тандоону жүргүзүү методикасы (макулдашууга).

 

Баяндамачы: Баясов Нурадил Мирбекович – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары.

6.

Ар кандай маселелер:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын

26-июлундагы №436-тескемеси (макулдашууга киргизилет).

         - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын
8-сентябрындагы №516-тескемеси (макулдашууга киргизилет).

 

 

Баяндамачы: Дуйшеева Жибек Курманбековна – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

Чакырылгандар: Кутнаева Нурия Асылбековна – Кыргыз Республикасынын санариптик ѳнүктүрүү министри;

Черикчиев Марат Жолдошбекович – «Кыргыз почтасы» ААК тѳрагасы.

 

Комитеттин төрагасы                                     Д. Толонов