Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 19- июнундагы жыйналышынын күн тартиби Убактысы:                                      саат 14:00   Өткөрүлүүчү жери:                       1-кабат, Батыш зал

16-06-2023
12:42

Долбоор

 

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин 19- июнундагы жыйналышынын күн тартиби

Убактысы:                                      саат 14:00  

Өткөрүлүүчү жери:                       1-кабат, Батыш зал

 

Маселелер

Демилгечи

Баяндамачы

1.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-4870/23, 05.04.2023-ж.) (үчүнчү окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Календеров Улугбек Ибраимович Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

Чакырылган: Досалиев Баялы Атамырзаевич - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору.

 

2.

Кыргыз Републикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-4366/23, 24.03.2023 -ж.) (үчүнчү окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Токтогулов Алмаз Анварбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.

Чакырылган: Малаев Назарбек Камалдинович – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

 

 

3.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Малиев, А. Маткеримов, А.Тумонбаев жана Э. Жамгырчиев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасы Жарандык кодексине, «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-18174/22, 16.09.2022-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Малиев, А. Маткеримов, А.Тумонбаев жана Э. Жамгырчиев тарабынан демилгеленген.

Баяндамачы: Малиев Арсланбек Касымакунович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты.

Чакырылгандар: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

Боконтаев Кубанычбек Кенешович – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.

Ногаев Уланбек Мелисович - «РСК Банк» ААКнын башкармалыгынын төрагасы;

Алимджанов Тилек Буромбаевич - «Айыл Банк» ААКнын башкармалыгынын төрагасы.

4.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары
Д.Д. Бекешев, Ч.А. Айдарбеков, Э.Ж. Сурабалдиева жана Ж.Б. Абиров демилгелеген «Үй башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-20352/22, 12.10.2022ж) (экинчи окууга киргизилет).

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары
Д.Д. Бекешев, Ч.А. Айдарбеков, Э.Ж. Сурабалдиева жана Ж.Б. Абиров демилгелеген

Баяндамачы: Бекешев Дастан Далабаевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты.

Чакырылгандар: Карыпбеков Улан Кадырсултанович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;

         Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович – Бишкек шаарынын мэри;

Орозбаев Бектурган Ибраимович – Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун директору;

Абдувапов Алтынбек Каныбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын тѳрагасы.

 

5.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору (кир. №6-7640/23, 30.05.2023-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

Чакырылган: Куленбеков Кайып Эшимович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары.

 

6.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-7543/23, 29.05.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

Баяндамачы: Садыков Улан Асанбекович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары

Чакырылган: Абдиев Мавлян Калмурзаев - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директорунун орун басары.

7.

Кыргыз Републикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-8061/23, 06.06.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Базарбаев Кудайберген Базарбаевич – Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри.

 

8.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.(кир. №6-8069/23, 06.06.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович - Кыргыз Республикасынын эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары

         Чакырылган: Дуйшеева Жибек Курманбековна - Кыргыз  Республикасынын финансы министринин орун басары.

 

9.

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу («Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорун кошумча каржылоо) долбоору (макулдашууга киргизилет).

 

 

Баяндамачы: Ибраев Таалайбек Омукеевич – Кыргыз Республикасынын энергетика министри.

Чакырылган: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

10.

Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Базар-Коргон шаарындагы суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо» долбоору боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашуулардын долбоорлору (макулдашууга киргизилет).

 

Баяндамачы: Кудайбергенов Бакыт Торобаевич – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.

Чакырылган: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

11.

«Ирригациялык каналдарды кармоо үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Нота алмашуу жолу менен түзүлгөн макулдашуу долбоору жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору (макулдашууга киргизилет).

 

Баяндамачы: Раматов Мурат Садинович – Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары.

Чакырылган: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

 

12.

Ар кандай маселелер.

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июнундагы №309-тескемеси (макулдашууга киргизилет);

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-июнундагы №316-тескемеси (макулдашууга киргизилет);

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-июнундагы №319-тескемеси (макулдашууга киргизилет);

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июнундагы №323-тескемеси (макулдашууга киргизилет);

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы №328-тескемеси (макулдашууга киргизилет).

 

Баяндамачы: Дүйшеева Жибек КурманбековнаКыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

 

 

Комитеттин төрагасы                                     Д. Толонов