Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунун КҮН ТАРТИБИ 2023-жылдын 12-июнундагы,  саат 14-00                  1-кабат, Батыш зал

08-06-2023
18:48

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин отурумунун

 

КҮН ТАРТИБИ

 

2023-жылдын 12-июнундагы,  саат 14-00                  1-кабат, Батыш зал

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-24505/22, 08.12.2022-ж) (үчүнчү окууга киргизилет).

Баяндамачы: Малаев Назарбек Камалдинович – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

Чакырылгандар: Исабеков Самат Сатарович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;

Умтулов Нурлан ДжумалиевичКыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Пирназаров Марат Туголбаевич - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө Мамлекеттик кызматынын төрагасы.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-25787/22, 23.12.2022-ж.) (үчүнчү окууга киргизилет).

Баяндамачы: Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

Чакырылган: Исабеков Самат Сатарович – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы.

 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-1063/23 25.01.2023-ж.) (үчүнчү окууга киргизилет).

Баяндамачы: Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

Чакырылган: Исабеков Самат Сатарович – Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат М.Маматалиев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-10349/22, 26.05.22-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

         Баяндамачы:     Маматалиев Марлен Абдрахманович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

         Чакырылгандар:  Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

         Амангелдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана  коммерция министри;

         Тургунбаев Мелис Жусупжанович - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Маматалиев тарабынан демилгеленген («Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кир. № 6-10349/22, 26.05.22-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

          Баяндамачы: Маматалиев Марлен Абдрахманович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

         Чакырылгандар: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

         Амангелдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана  коммерция министри;

Тургунбаев Мелис Жусупжанович - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри.

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-939/23, 24.01.2023-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

Чакырылгандар: Тургунбеков Канатбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы;

Пирназаров Марат Туголбаевич – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;

Абдураимов Жарасул Осмоналиевич - «Кыргызиндустрия» ААКнун президенти.

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-7142/23, 19.05.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Букуев Кадырбек Джумабекович - Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору.

Чакырылган: Жакыпов Манас Жакыпович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары.

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору (кир. №6-7640/23, 30.05.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

Чакырылган: Куленбеков Кайып Эшимович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары.

9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Туризм жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-6895/23, 16.05.23-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Максутов Алтынбек Аскарович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.

Чакырылгандар: Шатманов Самат Бектурович - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары - Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору;

Омуралиев Медер Темирбулатович - Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун биринчи вице-президенти.

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Э.Т. Токтошев, А.Т. Эрбаев, Ж.П. Нурбаев тарабынан демилгеленген «Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-5432/23, 17.04.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Токтошев Эмил Токтакунович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты.

Чакырылгандар: Бакетаев Алмаз Кушбекович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Тургунбаев Мелис Жусупжанович - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри.

11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы демилгелеген «2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (№6-7765/23, 31.05.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

Чакырылгандар: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Тологонова Аида Бейшеналиевна - «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрайымы.

 

12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев, С.Атамбаев, Ж.К.Акаев жана Ж.Абиров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири (кир.№6-14532/22, 30.10.2022-ж.)

 Баяндамачы: Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич - Кыргыз Республикасынын коргоо министри.

 13. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоонун шайкеш келтирилген тутуму тууралуу макулдашуунун долбоору.

Баяндамачы: Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

Чакырылган: Исабеков Самат Сатарович – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы.

14. «Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа» долбоору боюнча эл аралык келишимди түзүүчү Япониянын Өкмөтүнүн нотасына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жооп нотасынын долбоору жана «Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы гранттык макулдашуунун долбоору (макулдашууга).

Баяндамачы: Аттокуров Алмаз Анарбекович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директордун орун басары .

15. Инвестициялык конкурстук тандоону жүргүзүү методикасы (макулдашууга).

Баяндамачы: Темиралиев Умбриэль Темиралиевич – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору.

16. «Кыргыз Республикасында дарыялардын жээктерин суу жеп кетиши менен байланышкан кырсык тобокелдиктеринин алдын алуу жана аларды азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тапшырма берүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору.

Баяндамачы: Азыгалиев Нурланбек АсанбековичКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Чакырылгандар: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри;

Тургунбаев Мелис Жусупжанович - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министри;

Мазарипов Акылбек Абдувалиевич - Кыргыз Республикасынын өзгѳчѳ кырдаалдар министринин орун басары;

Шаршеев Уларбек Зарлыкович - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тѳрагысынын биринчи орун басары,

Мусаев Алмаз Мустафаевич - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын директору;

Мурзахмедов Шергазы Мураталиевич - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары кызматынын директорунун орун басары;

Исманов Самат Жекшеналиевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн биринчи орун басары.

17. Ар кандай маселелер.

- 2022-жылдын 30-июнундагы №394-VII «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2021-жылдыгы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун кѳзѳмѳлдѳн алып салуу жѳнүндѳ.

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы №215-тескемеси (макулдашууга киргизилет);

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы №302-тескемеси (макулдашууга киргизилет);

Баяндамачы: Дүйшеева Жибек КурманбековнаКыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

 

         Комитеттин төрагасы                                     Д. Толонов