Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө

18-05-2023
16:58

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2023-жылдын 17-январы № 3

Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун 2023-2025-жылдарга бюджетинин болжолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.

2-берене.

1. Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 325066045,2 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 346329245,8 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 21263200,6 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 21263200,6 миң сом суммасындагы каражат 2-тиркемеге ылайык жумшалсын.

4. Кыргыз Республикасынын 2024-2025-жылдарга республикалык бюджетинин пландык көрсөткүчтөрү жактырылсын:

1) 2024-жылга кирешелер боюнча план - 389211476,3 миң сом суммасында, 2025-жылга - 443829796,6 миң сом суммасында;

2) 2024-жылга чыгашалар боюнча план - 375807446,9 миң сом суммасында, 2025-жылга - 420313951,4 миң сом суммасында;

3) 2024-жылга профициттин планы - 13404029,4 миң сом суммасында;

4) 2025-жылга профициттин планы - 23515845,2 миң сом суммасында.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын 2024-2025-жылдарга республикалык бюджетинин жактырылган пландык көрсөткүчтөрүн, аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын 2023-2025-жылдарга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактардан түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.

4-берене.

Кыргыз Республикасынын 2023-2025-жылдарга республикалык бюджетинен чыгашаларды каржылоого каражаттар 4, 5 жана 6-тиркемелерге ылайык белгиленсин.

5-берене.

1. Мамлекеттик инвестициялар боюнча 2023-2025-жылдарга чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Капиталдык салымдарды каржылоого 2023-жылы бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 5000000,0 миң сом суммасында бекитилсин жана алар мурдагы мезгилде каралган объекттердин курулушун аяктоого, ошондой эле алардын артыкчылыгын эске алуу менен 2023-жылга бекитилген тизмеге ылайык объекттерди курууга, реконструкциялоого жумшалсын.

3. 2024-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын пландык көлөмү - 5000000,0 миң сом, 2025-жылы - 7000000,0 миң сом суммасында бекитилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 100000,0 миң сом жумшалсын.

5. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2023-жылы - 800000,0 миң сом, 2024-жылы - 1000000,0 миң сом, 2025-жылы - 1000000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотацияларды алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктуулугу белгиленсин.

6-берене.

1. Корголгон беренелер ("Эмгек акы", "Социалдык фондго төгүмдөр", "Медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу", "Тамак-аш продуктуларын сатып алуу", "Социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар", "Калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар", "Стипендиялар"), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер) боюнча чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.

2. 11-1-тиркемеде каралган пилоттук мамлекеттик органдарды кошпогондо, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлгөндүгүнө байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.

3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча өздүк чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2023-2025-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашырсын.

7-берене.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тиешелүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөргө, өндүрүштүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрүнүн өзгөрүшүнө, баалардын деңгээлине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду киргизүүгө укуктуу.

8-берене.

1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 2023-жылдын 1-январына карата 500000,0 миң сомдон кем эмес суммада белгиленсин.

2. Бир кредитордун алдында мамлекеттик тышкы карыздын жалпы суммасынан 45 пайыздан ашык эмес карыздын топтолушуна сандык чектөө белгиленсин.

3. Мамлекеттик карыздын чеги ички дүң продуктунун (ИДП) 70 пайызынан ашык эмес белгиленсин.

9-берене.

1. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен 2023-жылга каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.

2. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен 2024-2025-жылдарга каржылоо суммасынын планы 8-1 жана 8-2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.

10-берене.

1. Жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн 2023-2025-жылдарга төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:

1) салык агенттери төлөөчү киреше салыгы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;

2) сатуудан алынуучу салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

3) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунай зат, газ) кошпогондо - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз, республикалык бюджетке - 50 пайыз өлчөмүндө;

4) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонус) - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

5) патенттин негизиндеги салык - шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;

6) салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча бирдиктүү салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

7) майнингге салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

8) электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

9) оюн-зоок ишине салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

10) жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 7 пайыз, республикалык бюджетке - 93 пайыз өлчөмүндө;

11) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 20 пайыз, республикалык бюджетке - 80 пайыз өлчөмүндө.

2. Жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык келип түшүүлөрүнүн суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.

3. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпайт.

11-берене.

1. Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрү чыгашалардын 3098626,3 миң сом жалпы суммасында 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2024-2025-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөөчү трансферттердин пландык өлчөмдөрү 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү трансферттерди биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр (электр энергиясын кошпогондо) боюнча чыгашаларды каржылоого жумшасын.

4. Республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттердин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр (электр энергиясын копшогондо) боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартат.

5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү бюджеттердин кирешелери көбөйгөн учурда кийинки үч жылга теңдөөчү трансферттердин өлчөмү азайтылууга жатпайт.

6. 2023-жылга республикалык бюджетте республикалык бюджетке салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча бирдиктүү салыктын 100 пайызын чегерүүгө байланыштуу максаттуу трансферттер түрүндө жергиликтүү бюджеттерге 2300000,0 миң сом суммасында каражат каралсын.

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты жылдын ичинде этап-этабы менен Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акысын каржылоону республикалык бюджетке которууну 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып камсыз кылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул Мыйзамга ушул берененин 7-бөлүгүнөн келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүүдө кошумча каражаттарды карасын.

12-берене.

1. Республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн региондорду өнүктүрүү фонддорун каржылоого 150000,0 миң сом суммасында жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга 819400,0 миң сом суммасында каражат каралсын.

2. Региондорду өнүктүрүү фонддоруна багытталган республикалык бюджеттин каражаттарын максаттуу пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жоопкерчилик тартат.

13-берене.

1. Райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын электр энергиясынын чыгашаларын каржылоо үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үчүн республикалык бюджетте 1156800,0 миң сом суммасында каражат каралсын.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын электр энергиясынын чыгашаларын каржылоону электр энергиясын керектөөнүн бекитилген лимитине ылайык жүргүзсүн.

3. Райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын электр энергиясынын чыгашаларын республикалык бюджеттен максаттуу каржылоо үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жоопкерчилик тартат.

14-берене.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммасын 2023-2025-жылдарда жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтаруу 9-тиркемеге ылайык камсыз кылынсын.

15-берене.

Эң аз эмгек акынын өлчөмү 2023-жылга - 2337,0 сом, 2024-жылга - 2460,0 сом, 2025-жылга - 2460,0 сом суммасында белгиленсин.

16-берене.

1. Бюджеттик мекемелер, чарбакер субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 4-пунктунда каралган ченемдерди жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесин кошпогондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн мекемелер казыналыктын тутумунан тышкары бардык эсептерди жапсын.

3. Көрсөтүлгөн ченемдер бузулганда бюджеттик мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

17-берене.

1. Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар Кыргыз Республикасынын кийинки жылга республикалык бюджетинде каралсын.

2. Бюджеттик мекемелерге ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин жылдын башында атайын эсептерде топтолгон каражаттардын калдыгын пайдаланууга уруксат берилсин.

18-берене.

Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке жана юридикалык жактарга аткаруу барактары боюнча төлөмдөр тиешелүү мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.

19-берене.

1. Мамлекеттик органдардын 2023-2025-жылдарга программалык бюджети 11-тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Мамлекеттик органдар бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетүү жөнүндө жарым жылдык жана жылдык отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 11-тиркемеге ылайык берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине айрым бюджеттик мекемелерде натыйжага багытталган бюджеттөөнү пилоттоону демилгелөө укугу берилсин.

20-берене.

1. Пилоттук мамлекеттик органдардын 2023-2025-жылдарга программалык бюджеттери жана натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу багыттары 11-1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Пилоттук мамлекеттик органдардын жетекчилерине төмөнкүдөй укук берилсин:

1) 11-1-тиркемеде каралган мамлекеттик органдын бюджеттик программаларын эске алуу менен чектүү штаттык сандын алкагындагы түзүмүн жана зарыл болгон штаттык бирдиктердин санын өз алдынча аныктоого;

2) 11-1-тиркемеде каралган программалык бюджеттерди ишке ашыруунун жүрүшүндө бошотулган акча каражаттарын пайдаланууга:

а) 11-1-тиркемеде каралган башка программаларды ишке ашырууга айрым бюджеттик программалар боюнча каралган каражаттарды үнөмдөөгө;

б) бош кызмат орундардын болушунан жана штаттык бирдиктерди оптималдаштыруудан пайда болгон каражаттарды үнөмдөөдөн, мамлекеттик органдардын эмгек акы төлөө фондунун чегинде ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык талаптарды сактоодо кызматчыларга жана кызматкерлерге эмгек акыга коэффициентти (же кызматтык маянага үстөктү) белгилөөгө багыттоого.

3. Пилоттук министрликтер программалык бюджеттерди аткарууда төмөнкү талаптардын сакталышын камсыз кылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 жумуш күндүн ичинде бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлорунун жарым жылдык пландык маанилерин берүүнү;

2) бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлорунун жарым жылдык жана жылдык пландык маанилерине жетүүнү;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жарым жылдык жана жылдык негизде бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетүү жөнүндө отчетторду берүүнү.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык акча каражаттары 2023-жыл үчүн бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлорунун жарым жылдык жана жылдык пландык маанилерине жетүүнүн жыйынтыгы боюнча пилоттук министрликтин 2024-жылдагы бюджетинде каралат.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөргө укуктуу:

1) бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча жарым жылдык пландык натыйжалуулук индикаторлоруна жетишилген учурда, пилоттук министрликтин бюджеттик сметасын көбөйтүүгө;

2) бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча жарым жылдык пландык натыйжалуулук индикаторлоруна жетишилбеген учурда, пилоттук министрликтин бюджеттик сметасын кыскартууга.

Пилоттук министрликтин бюджеттик сметасын көбөйтүү жана кыскартуу бул беренеге ылайык 5 пайыздан ашпайт.

21-берене.

1. Ушул Мыйзамга жылына эки жолудан көп эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын жоболорун аткаруу камсыз кылынсын. Мында биринчи өзгөртүү учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүгө тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин бекитилген бюджеттин алкагында тийиштүү чечимдерди кабыл алуу жолу менен, бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү арасында бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу экендиги белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бюджеттин ушул параметрлеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнүн учурдагы өзгөртүүлөрүнө ылайык бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн сметалык дайындоолоруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

22-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2022-жылдын 22-декабрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

"Токтом МБ эскертүүсү": 1, 2, 3, 3-1, 4, 5, 6, 7, 8, 8-1, 8-2, 9, 10, 11, 11-1-тиркемелеринин графикалык көчүрмөсүн караңыз.