Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 20-февралындагы жыйналышынын күн тартиби Убактысы:                                      саат 14:00   Өткөрүлүүчү жери:                       Жогорку Кеңештин , Батыш залы (1-кабат)

17-02-2023
11:38

Долбоор

 

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин 20-февралындагы жыйналышынын күн тартиби

 

Убактысы:                                      саат 14:00  

Өткөрүлүүчү жери:                       Жогорку Кеңештин , Батыш залы (1-кабат)

 

Маселелер

Демилгечи

Баяндамачы

1.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Изин суутпай издөө иши жөнүндө» жана «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө») Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-14474/22, 30.06.2022-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы:Усенбекова Айнура Доктурбаевна - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

 

 

2.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
тарабынан демилгеленген «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-1059/23, 23.01.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

Чакырылгандар: Боконтаев Кубанычбек Кенешович – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасы;

Букуев Кадырбек Джумабекович - Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору.

 

3.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-939/23 24.01.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

 

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

Чакырылгандар: Бакиров Мирлан Исакбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы;

Сарбанов Улан Кытайбекович – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;

Абдураимов Жарасул Осмоналиевич - «Кыргызиндустрия» ААКнун президенти.

4.

«2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын бекитүү жана «Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору (Министрлер Кабинетинин токтому № 662, 28.11.2022-ж).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачылар: Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары;

Бакиров Мирлан Исакбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы.

 

5.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япон Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу Ноталарынын долбоору жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен JICA Япон эл аралык кызматташуу агенттигинин ортосундагы «Баткен облусунун автомобиль жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу» долбоору боюнча Гранттык Макулдашуунун долбоору (макулдашууга).

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри.

Баяндамачы: Текебаев Тилек Кыдырмаевич – Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри.

 

6.

Ар кандай маселелер.

 

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                     Д. Толонов