Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 23-январындагы жыйналышынын күн тартиби Убактысы:                                      саат 14:00   Өткөрүлүүчү жери:                       Жогорку Кеңештин , Батыш залы (1-кабат)

19-01-2023
17:49

Долбоор

 

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин 23-январындагы жыйналышынын күн тартиби

 

Убактысы:                                      саат 14:00  

Өткөрүлүүчү жери:                       Жогорку Кеңештин , Батыш залы (1-кабат)

 

Маселелер

Демилгечи

Баяндамачы

1.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Г.Култаева, Н.Нарматова, М.Саккараев, Ж.Кыдыкбаев, Э.Сулайманов, Б.Сыдыков, Н.Шакиев, Ф.Исмаилов, М.Абдалиев, Д.Толонов, Р.Жакышов, М.Маматалиев, А.Боронбаев, Э.Жамгырчиев, Ч.Ажибаев, Б.Шабазов, Э.Исираилов, З.Мамасадыков жана А.Козуев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-10487/22, 27.05.22-ж.)  (үчүнчү окууга киргизилет).

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Г.Култаева, Н.Нарматова, М.Саккараев, Ж.Кыдыкбаев, Э.Сулайманов, Б.Сыдыков, Н.Шакиев, Ф.Исмаилов, М.Абдалиев, Д.Толонов, Р.Жакышов, М.Маматалиев, А.Боронбаев, Э.Жамгырчиев, Ч.Ажибаев, Б.Шабазов, Э.Исираилов, З.Мамасадыков жана А.Козуев тарабынан демилгеленген

Баяндамачы: Култаева Гулшаркан Оконовна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты.

Чакырылган: Макешов Чынгыз Дуйшонкулович – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

 

 

2.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров тарабынан демилгеленген «Кооперативдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-8867/22, 12.05.2022-ж.) (үчүнчү окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

 

 

Баяндамачы: Сыдыков Орозбек Кадырбекович - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары.

Чакырылды: Байдылдаев Мурат Курманбекович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары.

 

3.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров тарабынан демилгеленген «Товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-24503/22, 08.12.2022-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Макешов Чынгыз Дуйшонкулович – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

 

 

4.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров тарабынан демилгеленген «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-19984/22, 6.11.2022-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачылар: Адыл уулу Кубан - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары;

Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

 

5.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров тарабынан демилгеленген «2022-жылдын 31-октябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир. №6-369/23, 16.01.2023-ж.).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

 

 

6.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  Төрагасы А.У. Жапаров тарабынан демилгеленген «2022-жылдын 8-июлунда Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо»  долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо»  долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-26173/22, 29.12.2022-ж).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович – Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри.

 

7.

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн 2023-2025-жылдарга Программмасынын долбоору жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Улутташтырылган объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын
28-ноябрындагы № 662 токтому.

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Баяндамачылар: Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

         Бакиров Мирлан Исакбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы.

 

 

8.

«Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын Тизмегин жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 310 токтому) (макулдашууга).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы:       Ибраев Аман Жумагулович-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.

 

9.

«Чет өлкө валютасындагы бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды эсепке алуу тартиби жөнүндө» 2022-жылдын 24-июнундагы №332 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому (макулдашууга).

Кыргыз Республикасынын финансы министри.

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович – Кыргыз Республикасынын финансы министри.

         Чакырылган: Доолбеков Элдияр Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун төрагасынын орун басары.

 

10.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде билим берүүчү биргелешкен билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашуунун долбоору (макулдашууга).

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри.

 

Баяндамачы: Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри.

 

 

11.

Кыргыз Республикасында автоунаа жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Өзбекстан Респуликасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун долбоору (макулдашууга).

 

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

 

 

Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

 

 

12.

Ар кандай маселелер.

 

 

 

          

        

Комитеттин төрагасы                                     Д. Толонов