Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2022-жылдын 19-декабрындагы Экинчи окууга “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна КОРУТУНДУСУ

24-12-2022
18:28

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин

2022-жылдын 19-декабрындагы

Экинчи окууга “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун

2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

КОРУТУНДУСУ

        Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кароого киргизилген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (кир. №6-19506/22, 2022-жылдын 30-сентябры) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Экинчи окууга карата мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттеринен жазуу жүзүндө сунуштар келип түшкөн жок.

         Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоонун жүрүшүндѳ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонду тарабынан камсыздандыруу тѳгүмдѳрүнѳн түшкѳн кирешени 2023-2025-жылдарга 3000,0 млн. сомго кѳбѳйтүү жѳнүндѳ сунуш киргизилген (кир. №6-25286/22 19.12.2022-жыл.).

         Чыгашалар боюнча 2023-жылга Социалдык фонддун бюджетинин чыгашаларын 461,4 млн сомго, анын ичинде пенсиялык фондго - 1,0 млн сомго, Мамлекеттик топтоо фондусуна - 220,2 млн. сомго, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна -213,5 млн.сом жана Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондусу — 26,6 млн. сомго көбөйтүү сунушталууда. 2024-жылга жана 2025-жылдарга тиешелүүлүгүнө жараша 476,8 млн.сом жана 493,8 млн. сомго.

         Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджетинин тѳмѳнкүдѳй параметрлерин бекитүү сунушталынат:

         - бюджеттин жалпы кирешелери 96 229 841,0 миң. сом;

         - бюджеттин жалпы чыгашалары 87 968 859,5 миң.сом;

         - бюджеттин жалпы профицити 8 260 981,5 миң.сом.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

  1. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин (токтомдун долбоору тиркелет).

      2. Бул маселе боюнча баяндамачы катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э.Толонов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Б.Дж. Алиев кош баяндамачы болуп аныкталсын.

     3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына төмөнкүлөр чакырылсын:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов;

- Кыргыз Республикасынын финансы министри А.К. Бакетаев;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы А.К. Абдувапов;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы
А.К. Муканов;

- Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Э.Ш.Кызаев.

Комитеттин төрагасы                                                            Д. Толонов