Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунун КҮН ТАРТИБИ 2022-жыл 26  - декабрь, саат 14-00               1-кабат, Батыш зал

23-12-2022
17:50

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин отурумунун

КҮН ТАРТИБИ

2022-жыл 26  - декабрь, саат 14-00               1-кабат, Батыш зал

 

       1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров тарабынан демилгеленип 2022-жылдын 24-октябрында №18-41978 каты менен жөнөтүлгөн «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-21382/22  25.10.2022-ж.) (үчүнчү окууга киргизилет).

Баяндамачы: Алиев Бахтияр Жеңишбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы.

Чакырылгандар:

Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Базарбаев Кудайберген Базарбаевич – Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;

Муканов Азамат Кенешевич - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы;

Абдувапов Алтынбек Каныбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

Арстанбеков Омор Алымбекович - Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын орун басары.

       2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров тарабынан демилгеленип 2022-жылдын 29-сентябрында №18-41975 каты менен жөнөтүлгөн «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024–2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-19506/22 30.09.2022-ж.) (үчүнчү окууга киргизилет).

Баяндамачы: Алиев Бахтияр Жеңишбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы.

Чакырылгандар:

Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Базарбаев Кудайберген Базарбаевич – Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;

Муканов Азамат Кенешевич - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы;

Абдувапов Алтынбек Каныбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

Арстанбеков Омор Алымбекович - Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын орун басары.

      3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров тарабынан демилгеленип 2022-жылдын 29-ноябрында №18-54111 каты менен киргизилген «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу прогнозу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-23745/22 29.11.2022) (үчүнчү окууга киргизилет)

Баяндамачылар: Баатырова Гулнара Маришовна - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

Муканов Азамат Кенешевич - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы.

Чакырылгандар:

Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Алиев Бахтияр Жеңишбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы.

      4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров тарабынан демилгеленип 2022-жылдын 26-октябрында №18-5777 каты менен киргизилген «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-21532/22 26.10.2022) (үчүнчү окууга киргизилет)

Баяндамачылар: Баатырова Гулнара Маришовна - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

Муканов Азамат Кенешевич - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы.

Чакырылгандар:

Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Алиев Бахтияр Жеңишбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы.

     5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров тарабынан демилгеленип 2022-жылдын 7-июлундагы №18-2984 чыгышталган каты менен жөнөтүлгөн «Экспорттук контроль жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-15408/22 13.07.2022-ж.) (үчүнчү окууга киргизилет).

Баяндамачы: Макешов Чынгыз Дуйшонкулович – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

Чакырылгандар: Карасартов Алмазбек Оганович – Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары

      6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров тарабынан демилгеленип 2022-жылдын 30-майындагы №18-11963 каты менен жөнөтүлгөн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-10828/22 31.05.2022-ж.) (үчүнчү окууга киргизилет).

Баяндамачы: Сыдыков Орозбек Кадырбекович – Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары.

       7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Г.Култаева, Н.Нарматова, М.Саккараев, Ж.Кыдыкбаев, Э.Сулайманов, Б.Сыдыков, Н.Шакиев, Ф.Исмаилов, М.Абдалиев, Д.Толонов, Р.Жакышов, М.Маматалиев, А.Боронбаев, Э.Жамгырчиев, Ч.Ажибаев, Б.Шабазов, Э.Исираилов, З.Мамасадыков жана А.Козуев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-10487/22, 27.05.22-ж.)  (экинчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Култаева Гулшаркан Оконовна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты.

Чакырылган: Макешов Чынгыз Дуйшонкулович – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

       8. «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Н.Сыдыгылиев, М.Самыйкожо, Ш.Атазов, Р.Жакышев, Т.Икрамов, У.Бакасов, Н. Азыгалиев, Э. Жамгырчиев, С.Өмүрзаков, М.Мураталиев, У.Ормонов, Ф.Исмаилов, Г.Култаева, А.Козуев тарабынан демилгеленген (кир. №6-14749/22 4.07.2022-ж.) (биринчи  окууга киргизилет).

Баяндамачы: Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович – Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.

       9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Төрагасы А.У.Жапаров тарабынан демилгеленген (кир. №6-24611/22, 09.12.2022) «2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы «Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Ибраев Таалайбек Омукеевич – Кыргыз Республикасынын энергетика министри;

Чакырылгандар: Базарбаев Кудайберген Базарбаевич – Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри.

      10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров тарабынан демилгеленип 2022-жылдын 23-ноябрындагы №14-6485 каты менен жөнөтүлгөн «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-23538/22 24.11.2022-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Ниязбеков Улан Омоканович – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри.

Чакырылды: Амагельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри.

      11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары  Д.Д. Бекешев, Д.Э.Толонов, Ы.Ы. Атажанов, А.Алтынбеков, Ж.К. Акаев, Ч.А. Султанбекова, Э.Р.Сатыбалдиев тарабынан демилгеленген «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-25714/2222.12.2022-ж.)

Баяндамачы:  Бекешев Дастан Далабаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты.

       12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Д. Джумабеков жана М. Мураталиев тарабынан демилгеленген «Банктар жана банк иши жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтом долбоору (кир. № 6-24306/22 06.12.2022-ж.)(демилгечи жана КРУБ менен жеткире иштелип чыккан. Бекитүүгө.)

Баяндамачы: Джумабеков Дастанбек Артисбекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты.

        Чакырылган: Жакыпов Манас Жакыпович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары.

       13. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын финансылык отчетуулугуна көз карандысыз аудиторун дайындоо жөнүндө.

Баяндамачы: Акматов Алмазбек Шаршембиевич - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы.

       14. Дүйнөлүк Банкка караштуу IFС (Эл аралык Финансы Корпорациясы) тарабынан «Манас» эл аралык аэропортуну модернизациялоо жана кеңейтүүгө потенциалдуу инвесторлорду тартуу боюнча маалыматты угуу - Демилгечи Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты А. Алтынбеков (кир. № 6-25288/22 19.12.2022-ж.).

Баяндамачы: Амангелдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри.

Чакырылгандар: Текебаев Тилек Кыдырмаевич - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри;

Темиралиев Умбриэль Темиралиевич - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директору;

Настаев Александр Иванович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Самидинов Манас Самидинович - «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын башкы директору;

Бакиров Мирлан Исакбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы.

        15.    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө:

1) «Чет өлкөлүк валюталардын курсу жогорулашынын Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалына таасири жөнүндө» 2022-жылдын 17-мартындагы № 138-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышы тууралуу:

Баяндамачылар: Амангельдиев Данияр Жолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

 Боконтаев Кубанычбек Кенешович -  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасы.

2) 2017-жылдын 7-декабрындагы №2078-VI «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүн башкаруунун натыйжалуулугу жөнүндө»;

3) 2020-жылдын 25-июнундагы №3966-VI «2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жана «Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;

4) 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 3705-VI «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын "Жаңы экономикалык эркиндикке жана өнүгүүгө карай" кайрылуусу (акт) жөнүндө»;

5) 2021-жылдын 28-апрелиндеги №4535-VI «Күндөлүк керектелүүчү тамак-аш азыктарына бааларды турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, ошондой эле кыргыз-кытай чек арасында жүк ташуу менен байланышкан кырдаал жөнүндө.

Баяндамачылар: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

Бакиров Мирлан Исакбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы.

          16. Ар кандай маселелер.

Комитеттин төрагасы                                                                 Д. Толонов