Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 21 – ноябрь 2016-жыл, саат 10-00 1- кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

17-11-2016
12:52

Долбоор


 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму


 


 

 21 – ноябрь  2016-жыл,  саат 10-00                                 1- кабат, Батыш залы.

                                                                                            

КҮН ТАРТИБИ


 

            1.2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу”); 2015-жылдын 30 - ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган “Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу” долбоорунун алкагында ЕРӨБ акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну; 2016-жылдын 20-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган “Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу” долбоору аркылуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2015-жылдын 30-ноябрындагы  Гранттык макулдашууга № 1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-октябрындагы №557 токтому).

            Баяндамачы:

            Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.


 

            2. “Эл аралык валюта фондунун Башкаруучулар кеңешинин 2010-жылдын 15-декабрындагы №66-2 резолюциясы менен кабыл алынган Квоталарды оң төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата оңдоону ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруу  (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-ноябрындагы  №567 токтому).

            Баяндамачы:

            Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.


 

            3. Ар кандай маселер.


 

          

            Бюджет жана финансы боюнча

            комитеттин төрагасынын орун басары                                        З.Жамалдинов