Долбоор
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат
боюнча комитетинин 26-сентябрындагы жыйналышынын күн тартиби
Убактысы: саат 14:00
Өткөрүлүүчү жери: Жогорку Кеңештин , Батыш залы (1-кабат)
№ |
Маселелер |
Демилгечи |
Баяндамачы |
1. |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров тарабынан демилгеленип 2022-жылдын «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-10829/22 31.05.2022-ж.) (экинчи окууга киргизилет). |
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; Баетов Аяз Батыркулович – Кыргыз Республикасынын юстиция министри. Чакырылгандар: Ишеналиев Турусбек Кубатбекович – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары; Абдувапов Алтынбек Каныбекович – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы. |
2. |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
Баяндамачылар: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; Баетов Аяз Батыркулович – Кыргыз Республикасынын юстиция министри. Чакырылгандар: Ишеналиев Турусбек Кубатбекович – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары; Абдувапов Алтынбек Каныбекович – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы. |
3. |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Тѳрагасы А.У. Жапаров тарабынан демилгеленип «Кризиске каршы башкаруу алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине; Кыргыз Республикасынын Салык кодексине; «Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына; «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына; «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;»Бажылык жөнө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына; «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-14476/22 30.06.2022-ж.) (биринчи окууга киргизилет). |
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри. Чакырылгандар: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри; Баетов Аяз Батыркулович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Абдувапов Алтынбек Каныбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; Исабеков Самат Сатарович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы.
|
4. |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы А.У.Жапаров тарабынан демилгеленип, «Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-16749/22 23.08.2022-ж.) |
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.
|
5. |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы А.У.Жапаров тарабынан демилгеленип «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-9634/22 19.05.2022-ж.) (биринчи окууга киргизилет). |
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
Баяндамачылар: Сейитов Чоро Сейитович – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары;
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору. |
6. |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев, С.Атамбаев, Ж.Акаев, Э.Сурабалдиева тарабынан демилгеленген «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир. №6-14626/22 01.07.2022-ж.) (биринчи окууга киргизилет).
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев, С.Атамбаев, Ж.Акаев, Э.Сурабалдиева тарабынан демилгеленген |
Баяндамачы: Бекешев Дастан Далабаевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. Чакырылгандар: Абдрахманов Канат Жаныбекович - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; Мадмаров Азизбек Маматович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Мамасадыков Рустам Алайбекович - КР УКНК башкармасынын биринчи орун басары. |
7. |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Түлөбаев, М.Маматалиев, А.Козуев, У.Бакасов, Т.Сарыбашев, Ж.Абиров тарабынан демилгеленген «Волонтерлук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-10191/22 25.05.2022-ж) (биринчи окууга киргизилет). |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Түлөбаев, М.Маматалиев, А.Козуев, У.Бакасов, Т.Сарыбашев, Ж.Абиров тарабынан демилгеленген |
Баяндамачы: Түлөбаев Балбак Зарлыкович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. Чакырылгандар: Базарбаев Нурдоолот Сатыбекович - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары; Надырбеков Союзбек Надырбекович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары. |
8. |
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Секторду өнүктүрүү программасы: Мектептеги билим берүүнү реформалоо» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуулардын долбоорлору (макулдашууга киргизилет). |
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри. |
Баяндамачы: Баяндамачы: Джусупбекова Надира Сынташевна – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары.
|
9. |
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Саламаттык сактоонун региондук коопсуздугун бекемдөө» долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик макулдашуунун жана Гранттык макулдашуунун долбоорлору (макулдашууга киргизилет). |
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри. |
Баяндамачы: Касымбеков Жаркынбек Орозбекович – Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары.
|
10. |
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору (макулдашууга киргизилет). |
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри. |
Баяндамачы: Базарбаев Нурдоолот Сатыбекович - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары.
|
11. |
Кыргыз Республикасы менен Нидерланд Королдугунун ортосундагы кош салык салууну жоюу жана кирешеге салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жана аталган Макулдашууга Протоколдун долбоору (макулдашууга киргизилет). |
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри. |
Баяндамачы: Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары. |
12. |
Ар кандай маселелер. |
|
|
Комитеттин төрагасы Д. Толонов