Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

20 – июнь 2016-жыл, саат 10-00 1- кабат, Батыш зал.

16-06-2016
18:18

 

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

20 – июнь  2016-жыл,  саат 10-00                                         1- кабат, Батыш зал.

 

 

КҮН ТАРТИБИ

 

1.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин республиканын мектептерин телеберүү аркылуу билим программаларын киргизүүнү камсыздоо жөнүндө маалыматы (телевизорлорду сатып алуу жана интернет байланышы менен камсыздоо)

Докладчик:

            Сариева Эльмира Кубанычбековна – Министр образования и науки Кыргызской Республики.

 

  1. Бюджеттик насыя берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.К.Назаров, А.У. Жапаров, К.К. Исаев  тарабынан демилгеленип киргизилет.

            Баяндамачы:

            Назаров Айтмамат Кошоевич  -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

            3.“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 –жылдын 14 –июнундагы №314 токтому).

            Баяндамачы:

            Ибраев Нурдин Турсуналыевич  -Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы.

 

            4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарынын долбоору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча грантты Япония Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү жөнүндө Гранттык макулдашуунун долбоору  (Макулдашууга).

            Баяндамачы:

            Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

            5.Ош облусунун аймагында 2015-жылдын 17 –ноябрында жана Нарын облусунун Жумгал районунун аймагында 2015 –жылдын 7 –декабрында болуп өткөн жер титирөөлөрдөн жабыр тарткан калкка жардам берүү үчүн атайын эсепке келип түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18 –майындагы №216- буйругу). Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

            6.“Айыл чарбасын каржылоо –4“ долбоору алкагында 2016-жылы  субсидированиянын каржылоо көлөмүн  жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер министринин кайрылуусу.

            Баяндамачы:

            Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

            7.Ар кандай маселелер.

            -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюжетинин 2016-жылдын беш айында аткарылышы жана  Жогорку  Кеңештин түзүмүн оптималдаштыруунун негизинде үнөмдөлгөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө.

            Баяндамачы:

            Кожомкулов Алмазбек Аттокурович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Иш башкармалыгынын башчысы.

 

            -“МедиаХолдинг “Пирамида” ЖКЧ коомдун Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишмердүүлүгүн түз эфирде көрсөтүүгө каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусу.

 

            -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондусунун  2016 –жылга саламаттыкты сактоонун адистештирилген мекемелеринин бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө кайрылуусу;

 

            - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокуратура органдарынын алдына коюлган милдеттерди жана чечимдерди аткарууну камсыз кылуу максатында чыгашаларын көтөрүү боюнча кайрылуусу.

 

            –Бишкек шаарынын Свердлов райондук  финансы бөлүмүнүн башчысы  Аденов Искендер Болотовичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы  менен сыйлоого сунуштама.

 

           

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитеттин төрагасы                                                                А. Шадиев