Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунун КҮН ТАРТИБИ 2022-жылдын  6-июну, саат 14-00                          1-кабат, Батыш зал

02-06-2022
15:38

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин отурумунун

КҮН ТАРТИБИ

2022-жылдын  6-июну, саат 14-00                          1-кабат, Батыш зал

 

      1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Д. Бекешев, Ж. Абиров жана Д. Толонов тарабынан демилгеленип киргизилген  «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-10163/22 25.05.2022-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

   Баяндамачы:Бекешев Дастан Далабайевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

Чакырылгандар: Боконтаев Кубанычбек Кенешович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасы;

 Тологонова Аида Бейшеналиевна - «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрайымы;

    Абакиров Малик-Айдар Барктабасович - «Кепилдик фонд» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын тѳрагасы.

       2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Маматалиев тарабынан демилгеленип киргизилген «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектѳѳ жѳнүндѳ» жана «Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ Кодексине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдардын долбоорлору (кир. №6-10349/22 26.05.2022-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

         Баяндамачы: Маматалиев Марлен Абдырахманович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

   3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
(кир. №6-8865/22 12.05.2022-ж) (биринчи окууга киргизилет).  

        Баяндамачы Аскарова Зарема Аликовна - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары.

         4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген  «Бишкек шаарында 2021-жылдын 28-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Азия – Тынч океан регионунда вакциналарга жеткиликтүүлүк механизминин алкагында COVID-19га каршы вакцинациялоону колдоо») жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Азия – Тынч океан регионунда вакциналарга жеткиликтүүлүк механизминин алкагында COVID-19га каршы вакцинациялоону колдоо») ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-9631/22, 19.05.2022-ж.).

        Баяндамачы: Рахматуллаев Жалалидин Мамаюсупович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрдин орун басары.

         5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген «Бишкек шаарында 2021-жылдын 11-октябрында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-9303/22, 17.05.2022-ж.).

         Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

         6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-9021/22 13.05.2022-ж).

Баяндамачы: Усубалиев Талайбек Ешенкулович – Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары.

         7. «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын
26-ноябрындагы № 4190-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

         Баяндамачы: Бекешев Дастан Далабайевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

        8.  Ар кандай маселелер.

 

Комитеттин төрагасы                                                                 Д. Толонов