Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунун КҮН ТАРТИБИ 30-май 2022-жыл, саат 14-00                           1-кабат, Батыш зал

27-05-2022
18:31

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин отурумунун

КҮН ТАРТИБИ

30-май 2022-жыл, саат 14-00                           1-кабат, Батыш зал

 

    1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик катышуу үлүшү бар айрым чарбалык коомдорго акционер (катышуучу) катары  чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча фунцияларды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-майындагы №250 токтому боюнча маалыматы.

Баяндамачы: Кожошев Арзыбек Орозбекович-Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.

Чакырылгандар: Амангельдиев Данияр Джолдошевич -Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

 Иманов Талантбек Орускулович – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри;

Бакиров Мирлан Исакбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы;

     2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-12169/21 27.08.2021-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

Чакырылгандар: Мадумаров Канатбек Маматович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору.

Боконтаев Кубанычбек Кенешович Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

    3.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (29.03.22-ж. кир.№6-5400/22, 25.03.2022-ж. № 164 токтому) (экинчи окууга киргизилет).

     Баяндамачы: Аскарова Зарема Аликовна – Кыргыз Республикасынын юстиция  министринин биринчи орун басары.

    Чакырылгандар:

Боконтаев Кубанычбек Кенешович Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

   4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Маматалиев жана Д.Толонов тарабынан демилгеленген, «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир. № 6-9787/6, 20.05. 2022-ж) (экинчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Маматалиев Марлен Абдрахманович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 

Чакырылгандар: Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Абдувапов Алтынбек  Каныбекович – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын төрагасы.

   5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан киргизилген «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-9021/22, 13.05.22-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Усубалиев Талайбек Ешенкулович – Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары.

  6. Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондусунун ортосундагы «Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору акулдашууга киргизилет).

Баяндамачы: Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович – Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри.

   7. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү  ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Микро-чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо) долбоору акулдашууга киргизилет)

  Баяндамачы: Татиков Руслан Сатылганович  - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

   8. «2022-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору.

Баяндамачы: Боконтаев Кубанычбек Кенешович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.

    9. Ар кандай маселелер.

 

Комитеттин төрагасы                                                                                      Д. Толонов