Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунун КҮН ТАРТИБИ    23-май 2022-жыл, саат 14-00                                    1-кабат, Батыш зал

19-05-2022
17:27

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунун

 

КҮН ТАРТИБИ

 

   23-май 2022-жыл, саат 14-00                                    1-кабат, Батыш зал

 

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген  “2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) (Атайын операциялар); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) (Жогорку технологиялар фонду); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору  (кир.№6-6538/22 12.04.2022-ж.) (2022-жылдын 8-апрелиндеги №192 токтом).

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

Чакырылгандар: Абдиев Бактыбек Абышевич  – Бишкек шаарынын Вице мэри.

 

2.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген «2022-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-8991/22 13.05.2022 ж.)

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

 

3.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров тарабынан демилгеленип киргизилген «2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган, 2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун протоколун ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир. № №6-8559/22  10.05.2022 ж.).

Баяндамачы:Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

 

         4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2022-жылдын 7-февралындагы №62 токтому менен демилгеленип киргизилген «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-1674/22 10.02.2022 –ж.)

Баяндамачы: Усенбекова Айнура Доктурбаевна - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

 

5.Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондусунун ортосундагы «Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

Баяндамачы: Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович – Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри.

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик катышуу үлүшү бар айрым чарбалык коомдорго акционер (катышуучу) катары  чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча фунцияларды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-майындагы №250 токтому боюнча маалыматы.

Баяндамачы: Кожошев Арзыбек Орозбекович-Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.

Чакырылгандар: Амангельдиев Данияр Джолдошевич -Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

 Иманов Талантбек Орускулович – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри;

Бакиров Мирлан Исакбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы;

 

7.Ар кандай маселелер.

-Бишкек шаарынын лифт чарбачылыгын жаңылоо боюнча презентация.

Баяндамачы: «Sky Industrial group» ЖЧКнун өкүлү.

Чакырылгандар: Бакетаев Алмаз Кушбекович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович – Бишкек шаарынын мэри.

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын             4-мартындагы №104 токтому.

 

Комитеттин төрагасы                                                             Д. Толонов