Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетининотурумунун КҮН ТАРТИБИ 28-март  2022-жыл,  саат 14-00                 1-кабат, Батыш зал

24-03-2022
15:16

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

 боюнча комитетининотурумунун

 

КҮН ТАРТИБИ

 

28-март  2022-жыл,  саат 14-00                 1-кабат, Батыш зал

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2020-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-7277/21 28.05.2021-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

Чакырылгандар:Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

Абдувапов Алтынбек Каныбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын төрагасы.

Исабеков Самат Сатарович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматынын төрагасы.

Бакиров Мирлан Исакбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы.

Акматов Алмазбек Шаршембиевич - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы.

Зулушев Курманкул Токторалыевич - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору.

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы демилгеленген (28.10.2021-ж. чыг. №30-18667) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (29.10.2021-ж. кир.№6-15382/21) (экинчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Алиев Бахтияр Жеңишбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы.

Чакырылгандар:

Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Абдувапов Алтынбек Каныбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын төрагасы.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (4.03.2020-ж. №127 токтому) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук укуктук реформа маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир. №6-5269/20  12.03.2020-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

 Баяндамачы: Сарбанов Улан Кытайбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы.

 Чакырылды: Тургунбеков Канатбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы.

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгеленген ( 26.08.2021-ж. чыг. № 24-466) “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-12169/21 27.08.2021-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

Чакырылды: Мадумаров Канатбек Маматович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору.

 

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгеленген (18.02.2022-ж.№ 85 токтому) «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору(кир. 6-2766/22 24.02.2022-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Алишеров Эльдар Туралиевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгеленген (7.02.2022-ж. № 62 токтому) «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-6-1674/22 10.02.2022-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Алишеров Эльдар Туралиевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

 

  7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарынын талапкерлигин бекитүү жөнүндө

Баяндамачы: Кубанычбек Кенешевич Боконтаев - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.

8. Ар кандай маселелер.

 

Комитеттин төрагасы                                                                  Д. Толонов