Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат
боюнча комитетинин отурумунун
КҮН ТАРТИБИ
14-март 2022-жыл, саат 14-00 1-кабат, Батыш зал
1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан (кир.№6-13206/21, 27.09.2021-ж) киргизилет. Үчүнчү окууда.
Баяндамачы: Жуманазаров Артурбек Беренбекович – Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы.
Чакырылгандар:
Бакетаев Алмаз Кушбекович – Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Акматов Алмазбек Шаршембиевич – Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы.
2. «Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилет (кир.№6-16634/21, 06.12.2021-ж). Үчүнчү окууда.
Баяндамачы: Жуманазаров Артурбек Беренбекович – Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы.
Чакырылгандар:
Бакетаев Алмаз Кушбекович – Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Акматов Алмазбек Шаршембиевич – Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы.
3. «Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилет (кир.№6-15730/21 10.11.2021-ж.). Үчүнчү окууда.
Баяндамачы: Жуманазаров Артурбек Беренбекович – Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы.
Чакырылгандар:
Бакетаев Алмаз Кушбекович – Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Акматов Алмазбек Шаршембиевич – Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы киргизген (2021-жылдын 10-декабрындагы №303 токтому) «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Экинчи окууга.
Баяндамачы: Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович – Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри.
Чакырылган: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы киргизген (2022-жылдын 28-январындагы №36 токтому) «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору. Биринчи окууга.
Баяндамачылар: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.
Досалиев Баялы Атамырзаевич - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы киргизген (2022-жылдын 28-январындагы №37 токтому) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Биринчи окууга.
Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.
Чакырылган: Боконтаев Кубанычбек Кенешович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.
7. Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору. Макулдашууга.
Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы киргизген (2022-жылдын 7-февралындагы №63 токтому) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Биринчи окууга.
Баяндамачы: Усенбекова Айнура Доктурбаевна - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.
Чакырылган: Тайлаков Кенешбай Доскулович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы.
9. Ар кандай маселелер.
Комитеттин төрагасы Д. Толонов