Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2022-жылдын 28- февралындагы жыйынын күн тартиби Өткөрүлүүчү жайы жана убактысы: Батыш зал, саат 14-00

24-02-2022
15:55

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин

2022-жылдын 28- февралындагы жыйынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жайы жана убактысы: Батыш зал, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-майындагы №199 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Алиев Бахтияр Жеңишбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы.

Чакырылды:  Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

2.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-октябрындагы №30-14575 каты менен киргизилген «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Алиев Бахтияр Жеңишбекович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы.

Чакырылды: Бакетаев Алмаз Кушбекович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
1-октябрындагы №30-14574 каты менен киргизилген «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Алиев Бахтияр Жеңишбекович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы.

Чакырылды: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №303 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри.

Чакырылды: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри.

 

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-февралындагы №49 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри – Жаманкулов Азамат Капарович.

Чакырылгандар: Иманалиев Кайрат Олжобаевич – Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору (КТРК).

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы №24-13321 каты менен киргизилген «Накталай эмес эсептешүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окууга).

Баяндамачы: Баяндамачы:  Алишеров Эльдар Туралиевич - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары.

Чакырылгандар: Боконтаев Кубанычбек Кенешович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.

Урустемов Сейилбек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары.

 

   7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин Улуттук банктын тышкы аудиторун бекитүүгө сунуштоодо өз ара иш алып баруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

Баяндамачы: Боконтаев Кубанычбек Кенешович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.

 

8. Ар кандай маселелер.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                  Д. Толонов