Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2022-жылдын 21- февралындагы жыйынын күн тартиби Өткөрүлүүчү жайы жана убактысы: Батыш зал, саат 14-00

18-02-2022
15:50

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин

2022-жылдын 21- февралындагы жыйынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жайы жана убактысы: Батыш зал, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы №37 токтому менен киргизилген  "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-1211/22 03.02.2022-ж.)

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

Чакырылды: Боконтаев Кубанычбек Кенешович -  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.

     2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы №38 токтому менен киргизилген  «2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Жашыл шаарлар 2, Терезе 2» алкактык программасынын «Бишкек автобустары» долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Жашыл шаарлар 2, Терезе 2» алкактык программасынын «Бишкек автобустары» долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-1374/22 07.02.2022-ж.). (кайра кароо).

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

Чакырылды: Джунушалиев Айбек Джанышбекович - Бишкек шаарынын мэри.

         3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы №40 токтому менен киргизилген «2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-1216/22 03.02.2022-ж.).

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

Чакырылды: Тургунбеков Канатбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы.

        4.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы №31 токтому менен киргизилген «2021-жылдын 5-августунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-1209/22 03.02.2022-ж.).

Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

         5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы №64 токтому менен киргизилген  «2021-жылдын 8-февралында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-1515/22 09.02.2022-ж.).

Баяндамачы: Алишеров Эльдар Туралиевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

Чакырылгандар: Абдувапов Алтынбек Каныбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын төрагасы.

Исабеков Самат Сатарович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы.

       6. Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө мамлекеттик органдардын маалыматын угуу.

Баяндамачылар: Амангельдиев Данияр Джолдошевич  - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

Абдувапов Алтынбек Каныбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын төрагасы.

 

7. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 23-июнундагы №4679-VI токтомунун аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө.

Баяндамачы: Боконтаев Кубанычбек Кенешович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.

 

8. Ар кандай маселелер.

 

Комитеттин төрагасы                                                                  Д. Толонов