Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун КҮН    ТАРТИБИ 2021-жылдын 20-декабры, саат 10-00                 1-кабат, Батыш залы

17-12-2021
11:46

 Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун

 

КҮН    ТАРТИБИ

2021-жылдын 20-декабры, саат 10-00                 1-кабат, Батыш залы

 

         1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-декабрындагы №286 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Биринчи окууда.

          Баяндамачы:

         Бакетаев Алмаз КушбековичКыргыз Республикасынын Финансы министри.

         2.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы №290 токтому менен жактырылган «2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

          Баяндамачы:

         Шамырканов Урматбек Муслимович - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары.

       3.Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда  «Шаардык транспорту электрлештирүү» долбоору боюнча Гранттык жана Кредиттик Макулдашуулардын долбоорлору. Макулдашууга киргизилет.

        Баяндамачы:

         Джунушалиев Айбек Джанышбекович – Бишкек шаарынын мэри.

       4. Ар кандай маселелер.

 

            Бюджет жана финансы

           боюнча комитетинин төрагасы                                          Э. Токтошев