Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун КҮН    ТАРТИБИ 2021-жылдын 6-декабры  , саат 10-00         1-кабат, Батыш залы

02-12-2021
15:06

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун

 

КҮН    ТАРТИБИ

 

2021-жылдын 6-декабры  , саат 10-00                       1-кабат, Батыш залы

   1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-майындагы №199 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору.

Баяндамачы:

Алиев Бахтияр Жеңишбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Караштуу Социалдык фондунун төрагасы.

2. «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан киргизилген кир.№13654/21 01.10.2021-ж.).

Баяндамачы:

Алиев Бахтияр Жеңишбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы.

3. «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан киргизилген
кир.№6-13655/21. 01.10.2021-ж.).

Баяндамачы:

Алиев Бахтияр Жеңишбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы.

4. «2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы:

Осоев Эркинбек Арстанбекович - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри.

5.“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору.

Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри.

6.“2017-жылдын 13-июнундагы Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору.

Баяндамачы:

Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри.

7.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Германиянын Федералдык өкмөтүнүн атынан «Euler Hermes», Франция Республикасынын Өкмөтү, Германиянын өнүгүү банкы KfW ортосундагы карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө Макулдашууга киргизилет.

Баяндамачы:

Бакетаев Алмаз Кушбекович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

8.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбекстан Республикасы тарабынан Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музакалык-драма театрынын имаратын реконструкциялоо жана жабдуулоо боюнча иш жүргүзүү жөнүндө Макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

Баяндамачы:

Жаманкулов Азамат Капарович - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги.

9. Ар кандай маселелер.

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                          Э. Токтошев