Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин
кеңейтилген отуруму
24 - октябрь 2016-жыл, саат 10-00 3- кабат, Жыйындар залы
Чакырылгандар:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбеков,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү,
Мамлекеттик кызматтардын, агенттиктердин жана инспекциялардын жетекчилери.
КҮН ТАРТИБИ
1.Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2016-жылдын 9-айындагы аткарылышы жөнүндө маалымат.
Баяндамачы:
Касымалиев Адылбек Алешович –Кыргыз Республикасынын Финансы министри.
2.Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө:
”Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 – жылдын 30- сентябрындагы №517 токтому);
”Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 –жылдын 24-августундагы №457 токтому).
Баяндамачы:
Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.
3. Ар кандай маселелер.
Бюджет жана финансы
боюнча комитеттин төрагасы А. Шадиев