Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун КҮН ТАРТИБИ (27-сентябрь 2021-жыл, саат 10-00)

23-09-2021
14:14

Долбоор

27-сентябрында   2021-жыл, саат 10-00             1-кабат, Батыш залы

1.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
тарабынан киргизилген (кир. №6-12169/21 27.08.21-ж.) «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору.

Баяндамачы:

Алиев Бекболот Абдыганиевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары.

2. «Кластерлер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.С.Турусбеков жана К.К.Керезбеков тарабынан демилгеленип киргизилет.

Баяндамачы:

Турусбеков Бактыбек Сагындыкович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген (кир. №6-12781/21 16.09.2021-ж.)  «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору.

Баяндамачы:

Жапаров Акылбек Усенбекович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри;

Кененбаева Асель Автандилбековна – Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары.

4. Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкы ортосундагы "Камбарата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан инвестициялык кредит берүү жөнүндө 2017-жылдын 28-февралындагы
№5 Макулдашууга №2 Кошумча макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

Баяндамачы:

Бекмурзаев Доскул Джумагулович – Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри.

5. Ар кандай маселелер.

 

         Бюджет жана финансы

         боюнча комитетинин төрагасы                                       Э.Токтошев