Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун КҮН    ТАРТИБИ 6-сентябрында   2021–жыл, саат 10-00               1–кабат, Батыш залы

02-09-2021
14:48

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун

 

КҮН    ТАРТИБИ

 

6-сентябрында   2021–жыл, саат 10-00               1–кабат, Батыш залы

           

1.“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык  мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Т.Токтошев, Ш.И. Абдылдаев, У.Б.Примов, Т.У. Жоробеков жана  А.А.Акбаров тарабынан демилгеленип, экинчи окууга киргизилет.

Баяндамачы:

Токтошев Эмил Токтакунович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 2. «2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилет, кир №6-10540/21 16.07.2021-ж.

Баяндамачы:

Иманалиев Данияр Шаршенбекович - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары.

 

3. «2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилет, кир №6-11037/21 26.07.2021-ж.

Баяндамачы:

Иманалиев Данияр Шаршенбекович - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары.

 

4. Ар кандай маселелер.

            Бюджет жана финансы

         боюнча комитетинин төрагасы                                       Э.Токтошев