Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун КҮН ТАРТИБИ (12-июль 2021–жыл, саат 10-00, 1-кабат, Батыш залы)

08-07-2021
11:59

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун

КҮН   ТАРТИБИ

 

    12-июль  2021–жыл, саат 10-00                              1-кабат, Батыш залы

 

1.«2021-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы
2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (
COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Макулдашуу катты жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү асоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19 боюнча шашылыш долбоорду кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилет, кир.№6-9572/21 30.06.2021-ж.

Баяндамачы:

Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович – Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри.

 

2.«Бишкек шаарында 2021-жылдын 9-апрелинде кол коюлган
2019-жылдын 8-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга («С
ASA-1000» жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилет, кир.№6-9905/21  6.07.2021-ж.

Баяндамачы:

Жапаров Акылбек Усенбекович Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Кыргыз Республикасынын  Экономика жана финансы министри.

 

3.Кыргыз Республикасы жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасында жер көчкү коркунучун башкаруу» долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик жана гранттык Макулдашуулардын долбоорлору. Макулдашууга киргизилет.

Баяндамачы:

Ажикеев Бообек Эргешевич – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри.

 

4.Ар кандай маселер.

 

Бюджет жана финансы

боюнча комитетинин төрагасы                             Э. Токтошев