Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун
КҮН ТАРТИБИ
31-май 2021–жыл, саат 10-00 1–кабат, Батыш залы
1.«Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-апрелиндеги №175 токтому).
Баяндамачы:
Урмамбетов Октябрь Жолдошевич –Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары.
2.2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндөгү макулдашууга (Кредит №6603-KG; Грант №D605-KG) өзгөртүү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-катынынын долбоору жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндөгү макулдашуунун долбоору (COVID-19 боюнча шашылыш долбоору үчүн кошумча каржылоо) долбоору. Макулдашууга киргизилет.
Баяндамачы:
Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри.
3.Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету.
Баяндамачы:
Акматов Алмаз Шаршембиевич –Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы.
4. Ар кандай маселелер.
Бюджет жана финансы
боюнча комитетинин төрагасы Э.Токтошев