Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун
КҮН ТАРТИБИ
24-май 2021–жыл, саат 10-00 1–кабат, Батыш залы
1.«2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ( COVID-19 га чара көрүү боюнча) айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкакгындагы кошумча каржылоо) жана 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы №186 токтому).
Баяндамачы:
Байгончоков Мирлан Конушбекович - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары.
2. 2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндөгү макулдашууга (Кредит №6603-KG; Грант №D605-KG) өзгөртүү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-катынынын долбоору жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндөгү макулдашуунун долбоору (COVID-19 боюнча шашылыш долбоору үчүн кошумча каржылоо) долбоору. Макулдашууга киргизилет.
Баяндамачы:
Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри.
3. Ар кандай маселелер.
Бюджет жана финансы
боюнча комитетинин төрагасы Э.Токтошев