Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун
КҮН ТАРТИБИ
17-май 2021–жыл, саат 11-00 1–кабат, Батыш залы
1.«Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-майындагы №178 токтому).
Баяндамачы:
Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович -Кыргыз Республикасынын айыл, токой жана суу чарба министри.
Чакырылгандар:
Кармышаков Улукбек Тойчуевич -Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри.
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич –Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.
Иманбетов Илияз Женишович –Экономика жана финансы министринин алдындагы Салык кызматынын төрагасы.
Семетеев Кадыржан Эргешович – Экономика жана финансы министринин алдындагы Бажы кызматынын төрагасы.
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич –Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.
2.«2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ( COVID-19 га чара көрүү боюнча) айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкакгындагы кошумча каржылоо) жана 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы №186 токтому).
Баяндамачы:
Байгончоков Мирлан Конушбекович – Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары.
3. Ар кандай маселелер.
Бюджет жана финансы
боюнча комитетинин төрагасы Э.Токтошев