Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун  КҮН    ТАРТИБИ 5-апрель   2021–жыл, саат 10-00          1–кабат, Батыш залы

01-04-2021
12:59

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун

 

КҮН    ТАРТИБИ

 

5-апрель   2021–жыл, саат 10-00                                            1–кабат, Батыш залы

        

1.«2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарамсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-мартындагы №116 токтому).

Баяндамачы:

Иманалиев Данияр Шаршенбекович -Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары.

Шатемиров Кубаныч Таалайбекович -Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары.

 

2. Кыргыз Республикасынын  Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан алынган кредиттерди жана гранттарды пайдалануу жана алардын кайтарымдуулугун камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө.

Баяндамачы:

Ободоев Достукбек Абдыгапарович –Кыргыз Республикасынын  Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору.

Супаналиев Бекжан Торобаевич- Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун аткаруучу директору.

                                                     

3. Ар кандай маселелер.

 

 

         Бюджет жана финансы

         боюнча комитетинин төрагасы                                       Э.Токтошев