Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун КҮН    ТАРТИБИ  15-февраль   2021-жыл, саат 10-00        1-кабат, Батыш залы

11-02-2021
15:07

Долбоор

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун

 

КҮН    ТАРТИБИ

 

 15-февраль   2021-жыл, саат 10-00                       1-кабат, Батыш залы

 

         1.Кыргыз Республикасы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциацясы ортосунда Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору (COVID-19га чара көрүү боюнча) айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө  макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катынын долбоору. Макулдашууга киргизилет.

Баяндамачы:

Кармышаков Улукбек Тойчуевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри.

 

2.Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо» долбоору боюнча Кредиттик макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө №1 Кошумча макулдашуунун доолбору. Макулдашууга киргизилет.

Баяндамачы:

Таштаналиев Көкүмбек Жумагулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору. 

 

3.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы №410 токтому). Экинчи окууда.

Баяндамачы:

Карымшаков Улукбек Тойчиевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри.

 

4.«Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Нурматов, Т.Конушбаев, М.Бакиров,Т.Масабиров, З.Жамалдинов, А.Арапбаев жана О.Алыбаев тарабынан демилгеленип киргизилет. Экинчи окууда.

Баяндамачы:

Токтошев Эмиль Токтакунович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

5.Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторунун ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомунун долбоору.

Баяндамачы:

Токтошев Эмиль Токтакунович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

                                                   

6. Ар кандай маселелер.

 

          Бюджет жана финансы

         боюнча комитетинин төрагасы                                           Э. Токтошев