Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму  2-сентябрь   2020–жыл, саат 10-00          1–кабат, Батыш залы КҮН    ТАРТИБИ

01-09-2020
17:55

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

            2-сентябрь   2020–жыл, саат 10-00                                        1–кабат, Батыш залы

 

КҮН    ТАРТИБИ

                1.“2020-жылдын 10-июнунда кол коюлган, 2018-жылдын 26-январындагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбооруна) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/ Эл аралык өнүктүрүүү ассоциясынын (Мульти-донордук трасттык фондунун энергетикалык секторун башкарууга көмөк көрсөтүүү программасынын администратору катары чыгуучулар- ТF072490, ТF071398 мурастоочу) ортосундагы Гранттык макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы  №426 токтому).

            Баяндамачы:

            Осмонбетов Эмиль Кубатович - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

 

                2.«Бишкек шаарында 2020-жылдын 11-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Иссык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү” долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы  №424 токтому).

             Баяндамачы:

            Чодуев Эркинбек Урайымович -  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри.

            Таштаналиев Көкумбек Жумагулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору.

 

                3.“2016-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча кредиттик макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 18-майында Бишкек шаарында кол коюлган макулдашуу-катын ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы №437 токтому).

            Баяндамачы:

            Таштаналиев Көкумбек Жумагулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору.

               

                4.“2020-жылдн 30-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо (2-фаза)” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2020-жылдын 3-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо (2-фаза)” долбооруна Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү жана Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы №422 токтому).

            Баяндамачы:

            Таштаналиев Көкумбек Жумагулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору.

 

                5.“2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын (Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донолордун көп тараптуу максаттуу фондунун администратору катары болуучу) ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө гранттык макулдашууну ратифкациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы №445 токтому).

            Баяндамачы:

            Абдикаримов Сабыржан Токтосунович Кыргыз Республикасынын  Саламаттыкты сактоо министри

 

                6.“2020-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн акысыз жардамынын алкагында “Социалдык-экономикалык өнүктүрүү” программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы №444 токтому).

            Баяндамачы:

            Абдикаримов Сабыржан Токтосунович Кыргыз Республикасынын  Саламаттыкты сактоо министри

 

           

            7.«2020-жылдын 11-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19  пандемиясынын шарттарында бюджетти колдоо үчүн Евразиялык  турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансалык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы №435 токтому).

            Баяндамачы:

            Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна - Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

            8. Ар кандай маселелер.

 

 

             Бюджет жана финансы

             боюнча комитетинин төрагасы                                                                       Э.Токтошев