Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 29-апрель   2020–жыл, саат 10-00          1–кабат, Батыш залы КҮН     ТАРТИБИ

27-04-2020
16:36

долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

29-апрель   2020–жыл, саат 10-00                                              1–кабат, Батыш залы

 

КҮН     ТАРТИБИ

 

1. «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору, демилгечилер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Асылбаева Г.К., Никитенко Н.В жана Самигуллина А.Э.

Баяндамачы: Самигуллина Альфия Эльдаровна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

2. “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн көп тараптуу максаттуу фонддун администратору катары чыгуучу) ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн көп тараптуу максаттуу фонд жөнүндө гранттык макулдашуунун долбоору.

Баяндамачы: Абдикаримов Сабиржан Токтосунович - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри.

 

3. «2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо механизми (Атайын операциялар) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-апрелиндеги №199 токтому).

Баяндамачы: Таштаналиев Көкумбек Жумагулович- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору.

 

4. «2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы ) жана 2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-апрелиндеги №200 токтому).

Баяндамачы: Таштаналиев Көкумбек Жумагулович- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору.

 

            5. Ар кандай маселелер.

 

Бюджет жана финансы

боюнча комитетинин төрагасы                                                                         Э.Токтошев