Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 10 – октябрь 2016-жыл, саат 10-00 1- кабат, Батыш зал.

06-10-2016
17:07

Долбоор




 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму




 

10 октябрь  2016-жыл,  саат 10-00                                             1- кабат, Батыш зал.




 

КҮН ТАРТИБИ

            

              1.  ”Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарыГ.Асылбаева, С.Айдаров, Д.Исаева, З.Жамалдинов, Ж.Мусабекова тарабынан демилгеленип киргизилип жатат.

            Баяндамачы:

            Асылбаева Гулшат Кадыровна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

            2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз –Түрк “Манас” Университетинин Уставына тиешелүү Меморандум тууралуу.

            Баяндамачы:

Сариева Эльмира Кубанычбековна – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри.

           3. Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кызыл –Кыя шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Гранттык жана Насыялык макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

                Баяндамачы:

  Мамбетов Турдубек Мамбетович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай –коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

            4. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы аудитти жана финансалык отчетту өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу боюнча Гранттык макулдашуунун долбоору тууралуу. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Муканбетов Санжар Турдукожоевич -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы.


            5.“Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018 -2019 –жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароонун графиги жөнүндө.

            Баяндамачы:

            Шадиев Аскарбек Алимбаевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы.



 

            6. Ар кандай маселелер.



 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитеттин төрагасы                                                                А. Шадиев