Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 3 – октябрь 2016-жыл, саат 10-00 1- кабат, Батыш зал. КҮН ТАРТИБИ

30-09-2016
10:57

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму


 

3 октябрь  2016-жыл,  саат 10-00                                   1- кабат, Батыш зал.


 

КҮН ТАРТИБИ


 

           1. Бишкек шаарында 2016-жылдын 20–июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Мамлекеттик башкарууну жана атандашууга жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо боюнча програмалык операцияны ратификациялоо жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-сентябрындагы 492 токтому менен жактырылып киргизилип жатат).

            Баяндамачы:

Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

          

            2. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы “Айылдарды туруктуу таза суу менен жабдуу жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

Баяндамачы:


Мамбетов Турдубек Мамбетович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай –коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.


 

          3.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча Насыялык макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

Баяндамачы:
 

   Мамбетов Турдубек Мамбетович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай –коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.


 

         4.   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2015-жылдын 1-ноябрынан тартып 2016-жылдын 30 –чу июнуна чейинки ишмердүүлүгү жөнүндө отчету.

            Баяндамачы:

            Шадиев Аскарбек Алимбаевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы.


 

            5. Ар кандай маселелер.

          


 

 Бюджет жана финансы

            боюнча комитеттин төрагасы                                                                А. Шадиев