долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму
7-октябрь 2019–жыл, саат 10-00 1–кабат, Батыш залы.
КҮН ТАРТИБИ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 2-февралындагы №19 “Т.Усубалиевдин туулган күнүнүн 100-жылдыгын майрамдоо жөнүндө” жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 21-июнундагы №2514-VI «Абдыкадыр Орозбековдун 130-жылдык мааракеси жөнүндө” токтомунун аткарылышы жөнүндө”.
Баяндамачы:
Өмүрбекова Алтынай Сейтбековна - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри.
Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна –Кыргыз Республикасынын Финансы министри.
Жаманкулов Азамат Капарович- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри.
2. “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-майындагы №224 токтому).
Баяндамачы:
Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна –Кыргыз Республикасынын Финансы министри.
Муканбетов Санжар Турдукожоевич – Кыргыз Республикасынын Экономика министри.
Абдалиев Кабыл Кушбакович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Торутаев Алтынбек Элимович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы;
Исакулов Жылдызбек Абдилахатович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы.
Чакырылгандар:
Аскаров Замирбек Марипбаевич – Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри;
Алимбеков Алмаз Мусаевич – «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы;
Абдиев Бактыбек Абышевич – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Таиров Бакир Дуулатович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Джамшитов Өткүрбек Асилбекович –Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору.
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович –Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
Марипов Улукбек Асамидинович – Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы.
3. Ар кандай маселелер.
Бюджет жана финансы
боюнча комитетинин төрагасы Э.Токтошев