Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 2-сентябрь  2019 –жыл, саат 10-00     1 - кабат, Батыш залы. КҮН    ТАРТИБИ

29-08-2019
14:16

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

            2-сентябрь  2019 –жыл, саат 10-00                                       1 - кабат, Батыш залы.

КҮН    ТАРТИБИ

            1. “2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы №332 токтому).

             Баяндамачы:

            Муканбетов Санжар Турдукожоевич – Кыргыз Республикасынын Экономика министри;

 

            2. “2019-жылдын 18-июлунда Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (өнүктүрүү максатында ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы “Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы  №359 токтому).

             Баяндамачы:

            Абдиев Бактыбек Абышевич – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

 

            3. “2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)” долбооруна Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы №388 токтому).

             Баяндамачы:

            Абдиев Бактыбек Абышевич – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

 

            4. “Билим берүү секторунда реформа жүргүзүүгө контракт” программасы (АСА/2018/039-937 жана АСА/2019/041-532) боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы финансылык макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Кудайбердиева Гульмира Каримовна – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;

 

            5. Ар кандай маселе.

 

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитеттин төрагасы                                                                Э.Токтошев