Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму
10-июнь 2019 –жыл, саат 10-00 1 – кабат, Батыш залы.
КҮН ТАРТИБИ
1. “Бишкек шаарында 2018-жылдын 28-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ыссык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2018-жылдын 28-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ыссык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-майындагы №228 токтому).
Баяндамачы:
Абдиев Бактыбек Абышевич – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
2. “2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Финансылык рынок чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-майындагы №233 токтому).
Баяндамачы:
Абиров Мыктыбек Медетбекович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2018-жылдын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету.
Баяндамачы:
Марипов Улукбек Асамидинович - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы.
Чакырылгандар:
Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна - Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Таиров Бакир Дуулатович – Кыргыз Республикасынын - Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
Джамшитов Өткүрбек Асилбекович – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору.
4. Ар кандай маселелер.
Бюджет жана финансы
боюнча комитетинин төрагасы Э.Токтошев