Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 27-май  2019 - жыл, саат 10-00         1 - кабат, Батыш залы. КҮН ​​​​​​​ТАРТИБИ

23-05-2019
13:10

Долбоор

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

27-май  2019 - жыл, саат 10-00                                   1 - кабат, Батыш залы.

 

КҮН ​​​​​​​ТАРТИБИ

 

1. 2019-жылдын январь-апрель үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу маалымат.

             Баяндамачы:

             Панкратов Олег Михайлович – Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

             Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна – Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

            Абжапаров Тенизбек Жусупбекович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

            Онолбеков Алмаз Мадылбекович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы;

            Тулебердиев Ренат Темирбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы;

           

            Чакырылгандар:

             Аскаров Замирбек Марипбаевич – Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри;

            Алимбеков Алмаз Мусаевич – «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы;

             Абдиев Бактыбек Абышевич – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

            Таиров Бакир Дуулатович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы;

            Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

            Марипов Улукбек Асамидинович Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы.

 

            2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Люксембург Герцогдугунун  Өкмөтүнүн ортосундагы киреше жана капиталга карата кош салык салууну жок кылуу жана кош салык төлөөдөн качууну же четтөөнү алдын алуу жөнүндө макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

             Баяндамачы:

             Панкратов Олег Михайлович – Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

 

            3. Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) менен кызматташтык жана Глобалдык экологиялык фонду финансылаган долбоорлордун натыйжалуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж. Байбакпаев  тарабынан демилгеленип киргизилет.

            Баяндамачы:

            Байбакпаев  Экмат Джурукпаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаты. 

           

            4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы
№497-буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Абдиев Бактыбек Абышевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

           

            5. "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана
2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 2730-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору

            Баяндамачы:

            Токтошев Эмиль Токтакунович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

  

            6. Ар кандай маселелер.

           

           Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                                             Э.Токтошев