Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 13-май  2019 –жыл, саат 10-00       1 –кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

08-05-2019
14:55

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

13-май  2019 –жыл, саат 10-00                                   1 –кабат, Батыш залы.

 

КҮН ТАРТИБИ

 

        1. “2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги №190 токтому).

          Баяндамачы:

Панкратов Олег Михайлович – Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

        2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Сабиров,
К.С. Бокоев, Жунус уулу Алтынбек, Э.Ж.Сурабалдиева, Б.С.Турусбеков тарабынан демилгеленип киргизилен “Иссык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана чечүү жолдору тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору.

            Баяндамачы:

Сабиров Максат Эсенович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

         3. Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу боюнча келишимдин долбоору. Макулдашууга киргизилет.

             Баяндамачы:

Анарбаев Гуламжан СатбалдыевичКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы.

         4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-апрелиндеги №185 токтому).

            Баяндамачы:

Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна - Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

            5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы №497-буйругуна өзгөртүүлөррдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруругу. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

Абдиев Бактыбек Абышевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

 

            6. Ар кандай маселелер.

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                                             Э.Токтошев