Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 26 – сентябрь 2016-жыл, саат 10-00 1- кабат, Батыш зал.

22-09-2016
16:46

 

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

26 – сентябрь  2016-жыл,  саат 10-00                                  1- кабат, Батыш зал.

 

КҮН ТАРТИБИ

 

  1. 2016-жылдын  январь –августундагы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө  маалымат.           

            Баяндамачы:

Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

           

            2.“Дүйшөмбү шаарында 2015-жылдын 30-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2002 –жылдын 7-ноябрындагы Жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Аткаруучу протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17 –июнундагы №338 токтому менен жактырылып киргизилип жатат).

            Баяндамачы:

            Джунушалиев Кашкар Астаканович -Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри.

 

            3.Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы “Айылдарды туруктуу таза суу менен жабдуу жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

  •  

                Мамбетов Турдубек Мамбетович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай –коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча Насыялык макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.
  2.  

            Мамбетов Турдубек Мамбетович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай –коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

 

            5.Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун жана Кыргыз Республикасынын, «Ошэлектр» ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоорлору ("Ошэлектр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо боюнча долбоор). Макулдашууга киргизилет.

            Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович – Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы

 

            6.Ар кандай маселелер.

           

 

 

 Бюджет жана финансы

            боюнча комитеттин төрагасы                                                                А. Шадиев