Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 6-май  2019 –жыл, саат 10-00             1 –кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

03-05-2019
10:32

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

           6-май  2019 –жыл, саат 10-00                                                   1 –кабат, Батыш залы.

КҮН ТАРТИБИ

 

            1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Г.Мадеминов, Б.С.Турусбеков тарабынан демилгеленип киргизилген Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамынын  долбоору. Экинчи окууда.

            Баяндамачы:

            Мадеминов Мурадыл Ганыевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

            Турусбеков Бактыбек Сагындыкович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

            Султанов Акылбек Шакирович Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы.

 

            2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Г.Мадеминов, Б.С.Турусбеков тарабынан демилгеленип киргизилген “Кыргыз Республикасынын расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Экинчи окууда.

            Баяндамачы:

            Мадеминов Мурадыл Ганыевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

            Турусбеков Бактыбек Сагындыкович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

            Султанов Акылбек Шакирович Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы.

 

              3. Кыргыз Республикасынын депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленип киргизилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү (майыптыгы бар адамдарга билим берүү маселелери боюнча) киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

            Баяндамачы:

            Бекешев Дастан Далабайевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

           

            4. Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменнтерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу боюнча келишимдин долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Анарбаев Гуламжан СатбалдыевичКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы.

 

            5. Ар кандай маселелер.

 

                       Бюджет жана финансы

                        боюнча комитетинин төрагасы                                                             Э.Токтошев