Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 22-апрель  2019–жыл, саат 10-00     1–кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

18-04-2019
17:14

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

22-апрель  2019–жыл, саат 10-00                                          1–кабат, Батыш залы.

 

КҮН ТАРТИБИ

 

             1. «2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 –Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын

28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Бириктирүүчү жолдун долбоору, Барек 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2–Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы №151 токтому).

                Баяндамачы:

                Бейшенов Жанат Саматович – Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри.

 

         2. “Бишкек – Ош” автомобиль жолундагы күрткүлөрдөн коргоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык кызматташтыктын Япон агенттигинин  (JICA) ортосундагы Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Бейшенов Жанат Саматович  Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри.

           

            3. 2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз РЕспубликасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу Протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Панкратов Олег Михайлович – Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

 

            4. 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорун каржылоо жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-каттын долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Мурашев Нурбек Мурпазылжанович – Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри.

 

            5. Кыргыз Республикасынын 2020-жылга бюджеттик резолюциясынын долбоору жана 2021-2022 жылдарга болжолу жөнүндө.

             Баяндамачы:

             Токтошев Эмиль Токтакунович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

            6. Ар кандай маселелер.

           

 

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитеттин төрагасы                                                                Э.Токтошев