Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 18-март  2019 –жыл, саат 10-00        1 –кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

15-03-2019
09:51

Долбоор

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

18-март  2019 –жыл, саат 10-00                                 1 –кабат, Батыш залы.

 

КҮН ТАРТИБИ

 

                1. Ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү күчкө ээ болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, алардын Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешесине которуп берүү тартибин сактоо боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө Макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

            2. «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-Фаза» долбоорун каржылоо үчүн  Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражатынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2015-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган №4 Келишимине  №1 Кошумча келишиминин долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Осмонбетов Эмиль Кубатович –Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

 

            3. 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен Россиянын аскердик базанын турушунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы протоколдун долбоору.

            Баяндамачы:

            Тердикбаев Эрлис Джекшенович –Кыргыз Республикасынын  Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы. 

             

            4. Ар кандай маселелер.

 

 

            Бюджет жана финансы боюнча

            комитетинин төрагасынын

            орун басары                                                                                                У.Примов